wrapper

Кадырман замандаштар! Урматтуу ички иштер органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери!
Сиздерди алдыда келе жаткан 1-ноябрь - Кыргыз милициясынын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Мамлекетибиздин уюткусу болуп, өлкөнүн ички тартибин, калкыбыздын бейпилдигин сактап келе жаткан Кыргыз милициясынын эл үчүн кызмат өтөй баштаганына быйыл 93 жылдын жүзү болуп отурат. Өзүңүздөр жакшы билгендей, Кыргыз милициясы алгачкы уюшулган күндөн тарта мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоо, карапайым калктын бейпил жашоосун камсыз кылуу үчүн кызмат өтөп келе жатат. Ошондуктан милициянын иш-аракети эч убакта жеңил болгон эмес, өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда, түн уйкудан калып кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор. Арийне, жыл өткөн сайын милициянын аткара турган иштери арбып баратканы ырас. Себеби, күн эмес саат санап алдыга карай өсүп бара жаткан заманда кылмыштуулуктун да заманбап түрлөрү жайылууда. Андыктан милиция да мезгил закымынан калышпай жаңыланып, ар кандай жаңы жагдайларга, кырдаалдарга адистешип, алардан артта калбай иш алып баруусу кажет. Демек, милиция дагы да тажрыйбаны арттыруу, билим казынасын толтуруу, мезгил тамырын кармай билүү өңдүү сапаттар менен жаңыланышы шарт.
Коопсуздук маселеси элибиз үчүн эң башкы маселелердин бири. Ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу- мамлекетибиздин ийгилиги. Ошондуктан милиция кызматы күнбү-түнбү элибиздин коопсуздугун камсыз кылууда мамлекетибиздин тиреги болуп келүүдө.
Ошол эле маалда коомчулук да милициянын ишине кайдыгер эмес. Себеби, милициянын кесиби жөнөкөй жарандарыбыздан баштап, мамлекеттик жооптуу жетекчилердин көз кырында турган өтө жооптуу жана түйшүктүү кызмат. Жарандардын башына кыйынчылык түшкөн учурда биринчи кезекте жардамга милицияны чакырып, ага ишеним артат.
Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги эскиден арылып, жаңы кадамдар менен жаңыча иштеп баштады. Айтылып келгендей реформа жүргүзүүнүн алкагында бир топ өзгөрүүлөр да заман талабына ылайыкташа орун алды. Атап айтсак, ИИМдин тутумунда жаңы 6 кызмат жана Бишкек шаарында мобилдик батальон түзүлдү. Заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо алгылыктуу колго алынды.
Кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында Президенттин жана Өкмөттүн колдоосу менен Ош шаарында, Жалал-Абад облусунда үйлөр курулууда. Жакынкы күндөрү эле Чүй облусунун Токмок шаарында 40 батирлүү үй курулуп, кызматкерлерге тапшырылды. Буюрса, мындан ары да кызматкерлер үчүн турак-жайларды куруу максатыбыз бар.
Ар-кыл кырдаалдарга карабастан тагылган милдеттерин татыктуу аткарып, эл үчүн кызмат өтөп жаткан Кыргыз милициясынын эр жүрөк кызматкерлерин, жаштыгын, күлгүн курактарын ушул ишке арнап, элибизге эмгеги сиңген аксакал ардагерлерибизди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен чын ниеттен куттуктаймын. Кыргыз элинин жаркын келечегине жана өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө багытталган ишибизди ийгиликтер коштоп жүрсүн. Сиздерди жана сиздердин ата-энелериңиздерди, өмүрлүк жарыңыздарды, уул-кыздарыңыздарды жана небере-чөбөрөлөрүңүздөрдү милициянын кесиптик майрамы менен ак дилимден куттуктаймын. Үй-бүлөңүздөр менен бакубатчылыкта жашап, аман эсен болуңуздар! Майрамыңыздар кут болсун!
Улан ИСРАИЛОВ
Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министри

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54