wrapper

Понедельник, 12 Март 2018 14:53

Биринчи май райондук милиция кызматкерлери опузулап талап кылган жарандарды кармашты

Written by
Rate this item
(0 votes)

Биринчи май РИИБне жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Себеби, жабырлануучунун абоненттик номерине белгисиз жарандар тарабынан опузалоо максатында арыз ээсинин катышуусундагы видео жана фотолорду интернет тармактарына таркатып салууларын билдирген каттарды жөнөтүшүп, 2 миң АКШ долларын талап кылышкан.
Бул факты Биринчи май РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада 600 АКШ долларын жана 1800 сом акчаны алып жаткан учурда Нарын облусунун 18 жаштагы Ж.у.К. аттуу тургуну кармалган.
Ошондой эле, бул ишке тиешеси бар “А” жана “Н” аттуу жарандар дагы кармалышкан. Кармалган жарандарга карата сот тарабынан үй камагына алуу чаралары көрүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Read 402 times

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54