wrapper

2018-жылдын февраль айынын башынан ушул күнгө чейин Лейлек районунун Исфана шаарынын 1971-жылы туулган Б. Ш. аттуу тургунун «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүмүн» деп бейтааныш адам коркутуп, «20 000 сомдук уюлдук телефонун алып бересиң» деп опузалап талап кылган факты катталган.
Баткен ОИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Каракчы» рейдинин жүрүшүндө, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Лейлек районунун Чимген айылынын 1991-жылы туулган Г. Э. Аттуу тургуну кармалган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 170-беренсинин (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кармалган жаранга карата сот тарабынан эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасы көрүлдү.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54