wrapper

Понедельник, 12 Март 2018 18:29

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

Written by
Rate this item
(0 votes)

2018-жылдын 8-март күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Төмөнкү-Аларча айылынын 31 жаштагы И.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 7-март күнү болжол менен саат 21:30 чамасында анын үйүнө белгисиз адамдар кирип, 17 миң сомдук кол саатын уурдап кеткенин билдирген.
Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 45 жаштагы Ж.Б.аттуу жашоочусу кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Read 496 times

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54