wrapper

Нарын шаарында 12-март күнү Нарын ОИИБи тарабынан “Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, балдар биздин келечегибиз, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок” аталышындагы форум уюштурулуп өткөрүлдү.
Аталган форумга Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова менен кошо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баш болгон тийиштүү кызматкерлер катышышты.
Форумда жалпысынан эки маселе каралды:
Биринчисинде, жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштар, өзүн-өзү өлтүрүүлөр, окуучулардын арасында опузалап талап кылуу, эрте никеге туруу, жаш өспүрүмдөр арасында диний экстремизимге каршы күрөшүү, жол кыймылынын коопсуздугунун жана өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча каралды.
Экинчи маселе катары жогоруда аталган маселелер боюнча форумдун жыйынтыгы менен резолюцияны кабыл алуулары талкууланды.
Нарын ОИИБнин башчысы Уланбек Аалиев Нарын облусунун аймагындагы өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштар боюнча жалпы маалымат берип өттү. Анда 2017-жыл аралыгында Нарын облусу боюнча жалпы 339 жашы жете элек өспүрүмдөр ар кандай тартип бузуулары үчүн каттоого алынган.
2017-жылдын ичинде “Кароосуз калган”, “Өспүрүм”, “Лидер”, “Камкордук”, “Зомбулук”, “Мектеп рекетине жол жок”, “Өспүрүм-жай”, “Өспүрүм-түн” , “Кайырчы” аталыштарындагы жана 313 ар кандай ыкчам алдын алуу рейддик иш-чаралары өткөрүлгөн.
Жогорудагы аталган аракеттерге карабастан 2017-жылы өспүрүмдөр тарабынан облус боюнча 32 кылмыш иши катталган. Ал эми, өспүрүмдөргө карата 33 кылмыш иши, 1 үй-бүлөлүк зомбулук катталган.
Ошондой эле, 2017-жылы жаш өспүрүмдөр арасында өзүн-өзү өмүрүн кыюу боюнча 9 факты катталагандыгы айтылды. Форумдун жыйынтыгында Өкмөттүн облустагы ыйгамдуу өкүлчүлүгүнө, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына, Нарын шаардык мэриясына, райондордогу администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Нарын облустук казыятына тийиштүү милдеттенмелер берилип, форумдун резолюциясы кабыл алынды.
Форумдун аягында коомдук коопсуздукту камсыздоодо Нарын ОИИБи менен тыгыз кызматташтыкта иштешкен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБдын) мүчөлөрүнө, аксакалдар сотторуна, аялдар кеңештерине, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында көмөктөшүп келген коомчулуктун өкүлдөрүнө ИИМдин медалдары, ардак грамоталары, ОИИБнын ардак грамоталары, баалуу белектери ыйгарылды жана өзүн-өзү өлтүрүү (суицидке) темасын чагылдырган чакан спектакль менен кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, концерт менен коштолду.
Мындан сырткары, Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү «Виктория» командасы да өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүшүп, башкармалыктын баалуу белектери тапшырылды. Эскерте кетсек, «Виктория» командасы 2015-жылы Республикалык кароо-сынакта биринчи орунду, Казакстан Республикасынын Кустанай шаарында өткөн кароо-сынакта 3-орунду, ал эми 2017-жылы Республикалык кароо-сынакта биринчи орунду, Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарындагы 17-Эл аралык жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагына катышып, ал жерден 3 орунду камсыз кылып келишкен.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54