wrapper

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 7-март күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Жаш-Гвардия көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинен Бишкек шаарынын 22 жаштагы Т.Б. аттуу жашоочусун текшерүү учурунда “МР-371 КВ ЖЕВЕЛО-Н” үлгүсүндөгү тапанча, 1 магазини жана 6 огу менен алынган.
Ал эми, Свердлов районунун милиция кызматкерлери тарабынан, Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен “Тойота-Марк-2” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, текшерүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 34 жаштагы Ысык-Көл облусунун А.М. аттуу тургунунан эч кандай тиешелүү документтери жок “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча 5 даана огу менен  алынган.
Ошондой эле, Чаткал РИИБнин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү тарабынан Терек-Сай айылынын 30 жаштагы Ф.М. аттуу тургунга таандык болгон “Хонда-Одиссей” автоунаасы текшерилгенде, эч кандай документтери жок “ИЖ-16” үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылып алынган.
Табылган курал-жарактар экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
ИИМ эскертет, кимде-ким мыйзамсыз курал сатса, ташыса, куралдын негизги бөлүктөрүн жанына алып жүрсө, ошондой эле курал-жарактарды даярдагандар жана оңдогондор, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54