wrapper

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарындагы паракорчуларды жана мыйзам бузгандарды, коомдун алдында милициянын аброюна шек келтиргендерди тазалоо боюнча иштерди улантып жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына Р.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин тергөө кызматынын “Ислам” аттуу тергөөчүсү кылмыш ишин оң нукка чечип берем деп, 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын талап кылгандыгын билдирип, ал кызматкерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
2018-жылдын 13-март күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмүндө (опузалап пара талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча кылмыш иши козголуп, кийинки иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматына жөнөтүлгөн.
Ушул жылдын 13-март күнү саат 14:00до Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам-издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндө жайгашкан Октябрь РИИБнин мекемесине карама-каршы жагынан атайын белгилер коюлган 8 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын лейтенанты 1994-жылы туулган Э.И. аттуу кармалып, аны текшерүү учурунда курткасынан жогоруда аталган акча каражаты табылган. Аталган кызматкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө ишин баштады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54