wrapper

Вторник, 13 Март 2018 17:34

Свердлов райондук милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылык менен алектенген жаран кармалды

Written by
Rate this item
(0 votes)

Свердлов РИИБсине шаардын тургуну арыз менен кайрылган. Себеби, “Э” аттуу жаран (аял киши) өзүн фирманын башкы директору катары тааныштырып, жабырлануучунун ишеничине алдоо жолу менен кирип, 12 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акчасын алган соң, изин жашырып качып кеткен.
Бул факты боюнча Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иштери жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1969-жылы туулган М.Э. аттуу жаран кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү ушул сыяктуу 40 жакын кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган.
Сот тарабынан М.Э. аттуу жаранга чектөө коюлуп, 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Кармалган жарандын колунан жабыркагандарды Свердлов РИИБсине кайрылууңуздарды же төмөнкү телефондорго чалууңуздарды суранабыз:
0 554 102-553; 0 554 118-900; 0 709 118-900.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Read 557 times

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54