wrapper

Мурзалы Абдурахманов эгер тирүү болгондо 90 жашка чыкмак

2018-жылдын 11-июнь күнү Ноокат районунда милициянын отсавкадагы генерал-майору Мурзалы Абдурахмановду эскерүү аземи болуп өттү. Бул аземге Ноокат районунун акиминин орун басары Паизов З, Ноокат РИИБнин башчысы Ж. Исаев жана райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы, Ноокат шаарынын мэри Нурдинов Ж, Ноокат райондук  Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бобулов К, ошондой эле генералдын кызы З.Абдурахманова, жана Ноокат шаарынын тургундары катышты. Генералдын айкелине гүлчамбар коюлуп, элесине арналып куран окулду.  Мурзалы Абдурахманов тирүү болгондо 90 жашка чыкмак.  Мурзалы Абдурахманов эмгек жолун комсомолдук комитеттен баштап партиянын жооптуу кызматкери, 1969-1984-жж аралыгында Ош ОИИБнин башчысы болуп эмгектенген, 1990-жылы Ош коогалаңында элдин өтүнүчү менен кайрадан 1990-1991-жылдары Ош ОИИБнин башчысы болуп дайындалган. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн коомдук коопсуздукту коргооого жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган. Бир нече мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланып, оор атлетика боюнча Кыргыз ССРнин чемпиону наамына татыктуу болгон. Көп кырдуу мамлекеттик жана коомдук ишмердин элесин түбөлүкө калтыруу максатында анын ысмын өзүнүн туулуп өскөн райондун көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу боюнча сунуштар айтылды.

Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы.

Read more...

ИИМ: Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен Чүй ОИИББнин жетекчилери дайындалды

2018-жылдын 6-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамына Чүй ОИИББнин башчысынын орун басарларын милициянын полковниги Бактыбек Нарчаев менен милициянын полковниги Айбек Ажыбаевди жана Чүй ОИИББнин Криминалдык милиция кызматынын башчысы, милициянын полковниги Айбек Осмоналиевди тааныштырды. Ички иштер министринин биринчи орун басары Чүй ОИИББнин өздүк курамына жетекчилерин тааныштырып жатып, дайындалган жетекчилерин мүнөздөмө берип жатып, мекен үчүн ак кызмат кылаарына ишеним көрсөттү.
Сүйүн Өмүрзаков: “Тилекке каршы биз Жайыл РИИБнин аймагында болгон кейиштүү окуянын күбөсү болүп калдык. Кызматкерлерибиздин кайдыгерлигинен улам ата-энесинин үмүтү болуп, келечеги алдыда болгон жаш кыз каза болуп отурат. Бул окуя баарыңыздар үчүн сабак болду. Эми биздин алдыбызда ыкчам кызматтык милдеттерибизди аткарууга чоң жоопкерчилик турат. Мен баардык кызматкерлерди жарандардын кайрылуулары менен арыздарына өз убагында чара көрүүгө, ошондой эле жарандар менен сүйлөшүүдө өздүк курамдын кызматтык ишмердүүлүгүн так сактап сылык сүйлөшүүгө чакырам. Кылмыштарды алдын алууну жана резонанс жараткан кылмыштарды ачуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырам. Биздин негизги максатыбыз Кыргызстаныбыздын жарандарынын бейпилдигин жана коопсуздугун сактоо” деп белгилеп кетти.
Милициянын полковниги Нарчаев Бактыбек Нарбаевич- Чүй ОИИББнин ыкчам иштер боюнча башчысынын орун басары, болуп дайындалды. Ал 1976-жылдын 8-июль күнү туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку мектебин аяктаган. Алгач ички иштер органдарында кызматын Чүй облусунун Аламүдүн райондук ИИБнин Беш-Күйгөй МБПнын ыкчам өкүлү жана маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп иштеген. Ар кандай жетекчилик кызматтарда: ИИМдин КИББдин бөлүмүнүн башчысы, Чүй ОИИББнин кылмыш издөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы, Чүй ОИИББнин КМКнын бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Милициянын полковниги Ажыбаев Айбек Жакшымбекович –Чүй ОИИББнин коомдук коопсуздук боюнча башчысынын орун басары болуп дайындалды. Ал 1971-жылдын 16-июнь күнү туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку мектебин аяктаган. Алгач ички иштер органдарында кызматын Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынын милиционери болуп баштаган. Ошондой эле аймактык тескөөчү болуп эмгектенген. Ар кандай жетекчилик кызматтарда: Шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, Москва РИИБнин башчысынын орун басары, Тогуз-Торо РИИБнин башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин АБПнын башчысы, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин башчысынын орун басары жана башка кызматтарда иштеген.
Милициянын полковниги Осмоналиев Айбек Калмурзаевич - 1979-жылы 5-январда туулган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын аяктап, алгач ички иштер органдарында кызматын Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, ага ыкчам өкүлү жана маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп иштеген. Ар кандай жетекчилик кызматтарда турган: Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББнин бөлүм башчысы, башчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББдин башчысы болуп иштеген.

Эскерте кетсек: Чүй ОИИББнин кадрдык өзгөрүүлөрү Жайыл РИИБнин имаратында болгон адам өлтүрүү фактысына байланыштуу. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулган.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдө баңгизаты алынды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БЗМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Көмүскөдөгү жай” операциясын өткөрүү мезгилинде Чолпон-Ата шаарынан ири өлчөмдө баңгизатты алынды.
Милиция кызматкерлерине “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясынын кайык станциясында ири өлчөмдө баңгизаты мыйзамсыз сакталып жатат деген ыкчам кабар түшөт. Аталган маалымат боюнча аймакты текшерген учурда капка салынган спецификалык жыты бар өсүмдүк табылып алынган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган зат 30 килограмм салмакты түзгөн марихуана баңгизаты экендиги аныкталган. Алынган баңгизат 35 жаштагы А.Р. аттуу жергиликтүү тургунга тиешелүү болгон.
Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246- беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотропттук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Азыркы убакта кармалган жаран Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Ички иштер министри К. Джунушалиев Ысык-Көл ОИИБнин ишмердүүлүгүн текшерди

2018-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Ысык-Көл облусуна барып, ички иштер органдарынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурундагы жумуш ордун, кызмат өтөөдөгү шарттары менен таанышты.
Ички иштер министри аймактарга иш-сапары менен байма-бай барып, нөөмөт бөлүмдөрүнүн, тергөө жана ыкчам кызматтардын уюштуручулук ишин, административдик мекемесин жана кызматтык бөлүмдөрүн, ок атуучу куралдарды сактоо бөлмөлөрүн, убактылуу кармоочу жайлардын абалын толук текшерип, өздүк курам менен жолуугушуп, жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрдү.
Министрдин Чолпон-Ата шаарындагы иш-сапарында Туристтик мезгилге карата милиция кызматкерлеринин горнизондук сапка тизилүүсү болуп өттү. Анда жайкы туристик мезгилге болгон даярдыктар боюнча маселелер каралды. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри К. Джунушалиев облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин туристик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча даярдыктары менен таанышты.
Бул иш-чарага Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жылкыбаев Узарбек жана Ысык-Көл районунун акими Иманалиев Данияр катышышты.
Ички иштер министри К. Джунушалиев өз сөзүндө аймактардагы коопсуздукту камсыздоо ички иштер органдарынын биринчи милдеттеринин бири экенин баса белгилеп кетти. Ошондой эле, кылмыштарды алдын алуу, кызматтык тартипти бекемдөө, комчуулук менен мамилени бекемдөө жана кызматтык милдеттерин жогорку денгээлде так аткарылышы керек экендигин кошумчалай кетти. Сиздерден жарандардын жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды алдын алуу тутумун жакшыртуу, ошондой эле чет элдик туристтерге сылык мамиле кылуу, билдирүүлөр менен арыздарды ыкчам кабыл алуу талап кылынат. Баарынан мурда коомдук коопсуздукту камсыздоо, жарандардын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн баардык тийиштүү чаралар көрүлүп, курорттук-ден-соолукту чыңдоо борборлору көп жайгашкан жерлерде жогорку деңгээлде иш алып баруу керек. Туристтик мезгил учурунда жарандардын коопсуздугу жана коомдук коопсуздукту камсыздоого баардык күчүңөр жана каражатынар жетиштүү. Укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу багытында иш-чараларды өткөрүнүү бөлүмдөрдүн жетекчилери көзөмөлгө алсын. Министр Ысык-Көл райондук ИИБ нөөмөт бөлүмүнө барып жарандардын билдирүүлөрү менен арыздарын кабыл алуу жана каттоо кандай жүрүп жаткандыгын, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, кызматтар жана убактылуучу кармоочу жайы менен таанышты. ИИБинин жетекчилери, өздүк курамы жана милициянын ардагерлери менен маектешип, аткарыла турган иштер боюнча маселелер каралды. “Кыргызстан Борбор Азия боюнча мыкты туристтик өлкө болгонго аракет кылат. Буга байланыштуу эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого байланышкан суроолорго олуттуу мамиле кылуу, милиция кызматкерлеринин мойнуна жүктөлгөн чоң жоопкерчилик.”-деп белгиледи Кашкар Джунушалиев. ИИМ тарабынан туристтик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыздоо багыты боюнча ыкчам алдын алуу түшүндүрүү иш-чаралары Ысык-Көл районунун милиция бөлүмүндө кылмыштар жана кырсыктар тууралуу билдирүүлөр менен арыздарды ыкчам кабыл алууга мобилдик нөөмөт топтору иш-алып барышат. Ички иштер министри негизги багыттарды атады: жарандардын жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү коомдук жайларда жана көчөлөрдөгү криминалдык абалды көзөмөлдөө, милиция жарандарга жардам көрсөтүүгө багытталып, ээлдин ишенимин арттыруу, ички иштер органдарынын катарындагы абийирсиз иштеп, коррупциялык иштер менен алектенген, кызмат абалынан пайдаланып, паракорчулук кылган кызматкерлерден тазалануу, ИИОну реформалоо боюнча компплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу.
Кашкар Джунушалиев милициянын ардагерлери менен сүйлөшүү учурунда кайрылууларын жана каалоолорун угуп, кызыктырган суроолоруна жооп берди. Ички иштер органдарын реформалоо боюнча актуалдуу жана маанилүү суроолор каралды. Реформалоо бул жөн гана алмашуулар эмес укук коргоо органдарындагы тутумдуу өзгөрүүлөр, учурдагы талаптарга ылайык өзгөртүү жана жаңылоо боюнча иштерди жүргүзүү менен кылмыш жаза, жазык-процессалдык кылмыш аткаруу кодекстеринин жана административдик кодекстеринин жаңы редакциясы жакында күчүнө кирээрин белгилеп кетти. Андан сыртткары жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып жакында кароого коюлат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө токтолуп жатып, ал жолдордо коопсуздукту күчөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу керектигин, андан сырткары транспорт каржаттарынын айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп жаткандыгын, ошондой эле мыйзам талаптарына баш ийбегендер дагы бар экендигин айта кетти.
Ысык-Көл ОИИБдин баардык райондук бөлүмдөрүнүн ардагерлерине кайрылуу менен К.Джунушалиев ардагерлер өздөрүнүн тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүүсү татаал маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө жардам берип, улуу муундун жолун улай ички иштер органдары кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин камсыздоодо өз салымдарын кошууда.
Министр Түп райондук ИИБде тартипти сактоону уюштуруу иштерин текшерип, бөлүмдү кыдырды. Андан сырткары, кызматкерлер жана ардагерлер менен баарлашып, нөөмөт бөлүмүнүн, ыкчам иликтөө тобунун иши менен жакындан таанышып, ар түрдүү кырсык кылмыштарды алдын алуу жана алардын бетин ачуу ыкчам топтун кызматкерлеринен көз каранды экенин кошумчалады.
ИИМ жетекчиси кызматкерлерден кызматына жана тапшырылган ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун талап кылды. Андан соң ИИМ министри Каракол шааарында Ысык-Көл облусунун ИИБнин, Каракол ШИИБдин өздүк курамы жана ардагерлери менен жолугушу өткөрүп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуулукту сактап кызматтык тартиптти бузбоону эскертти. Өлкө аймагындагы тынчтыкты жана тартипти сактоодо ички иштер министрлинин жоопкерчилиги чоң экендиги белгиледи. Тартип жана коопсуздук жарандар үчүн экономикалык, социалдык, жарандык жана саясий укуктарын толук кандуу колдонуусуна шарт түзөт.
Милициянын ардагерлери жана кызматкерлери менен болгон маек учурунда ИИМ башчысы бардык ИИБде болгон көйгөйлөргө токтолду. Алар атайын кийим-кече, транспорт менен камсыз болуу жана аз айлык акы. К.Джунушалиев ИИБдин өздүк курамын окуу-тарбиялоо системасына өзгөртүү киргизүү керектигин билдирди. Каракол шаарында министр ИИБдин медициналык кызматын текшерип, бардык бөлмөлөрдү кыдырып чыкты. Госпиталда кызматкерлерге татыктуу медициналык кызмат көрсөтүлүүсү керектигин айтып, ИИМ тарабынан каражат бөлүнөөрүн айтты.
Кашкар Жунушалиев Ак-Суу районун акими Улан Дөкөнбаев менен жолугушту. Райондогу коомдук тартипти сактоо жана аны алдын алуу механизмдерин иштеп чыгуудагы орган кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иш-аракеттери жөнүндө сөз болду.
Ошондой эле 2018-жылдын 2-июнунда министр К. Джунушалиев Ысык-Көлдүн түштүгүндө болуп, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун милиция бөлүмдөрүнүн ишин текшерип, иш сапарын Балыкчы шаардык милиция бөлүмүндө жыйынтыктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында жаралган кемчиликтерди атап өттү. Андан соң ИИМдин министри өздүк курам жана ардагерлер менен жолугушуп алардын кайрылууларын жана каалоолорун укту.
Иш сапарын жыйынтыктап жатып, райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ишмердүүлүгүн жогорулатууга тапшырма берип, милициянын ардагерлерине активдүү позициясына жана өзүнүн ишине берилип кызмат кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54