wrapper

Криминалдык хроникасы

ИИМ: Москва шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан жасалма айдоочулук күбөлүктү колдонгон факты аныкталды

2018-жылдын 20-май күнү Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жараны, 1996-жылы туулган У.З. аттууну текшерген учурда полиция кызматкерлерине жасалма айдоочулук күбөлүктү көрсөткөн. Натыйжада аталган документ салыштыруу үчүн анализге жөнөтүлгөн.
Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жасалма документтерди колдонуу фактысы аныкталган. Москва ШИИБдин Эксперттик-криминалисттик борборунун корутундусу менен У.З. аттуу жарандан алынган документ Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде (жасалма документтерди колдонуу) көрсөтүлгөн кылмыш ишинин курамы боюнча компьютердин жардамы менен жасалгандыгы аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, жасалма документтерди колдонуу фактысына тиешеси бар жарандардын өздүгү такталууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн иш-аракети менен Кыргыз Республикасынын жаранынын ден соолугуна атайылап зыян келтирип, адам өлүмүнө алып келген фактыга шектелген жарандардын өздүгү такталып, изделүүдө.

Жакында, ата мекендик маалыматтык агенттиктерде Москва шаарында 28 жаштагы Кыргызстандын жаранын арматура менен сабап өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Маалыматта белгисиз адамдар Кыргызстандын жараны Урмат Мамбетовдун денесине оор залал келтирүүнүн кесепетинен каза болгондугу жазылган. Андан сырткары, жабырлануучунун жанында жүргөн кыз  денесинен жаракат алган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү тарабынан аталган фактыга тиешеси бар жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү маалыматтарды чогултуу үчүн керектүү чаралар көрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча 2018-жылдын 14-май күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Москва облусунун Красногорск шаардык округунун Красногорск бульварында жайгашкан №26 үйдүн жанындагы Москва дарыясынын жээгинен Кыргызстандын жараны 1991-жылы туулган Мамбетов Урмат баш сөөгүнөн жаракат алган. Жабырлануучу Красногорск шаардык №1 ооруканасына тез жардам кызматы тарабынан жеткирилип, эсине келбей алган жаракатынын айынан каза болгон.
Эксперттердин корутундусу менен башына урулган соккудан улам, баш мээсине кан уюп калгандыгы аныкталган.
Андан сырткары, аталган ооруканага баш сөөгүнөн жаракат алган Кыргызстандын жараны, Жалал-Абад облусунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу жашоочусу дагы жеткирилип, медициналык кароодон өтүп, учурда даарыланып жатат.
Жогорудагы факты боюнча 2018-жылдын 16-май күнү Москва облусу боюнча Тергөө комитетинин Красногорск шаарындагы тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмүнө (денеге оор залал келтирүү менен кокустуктан адам өлүмүнө алып келүү) ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү Москва шаары жана Москва облустары боюнча аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте аталган фактыга тиешеси бар адамдардын өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, күбөөлөр шектүүлөр боюнча маалымат беришкен. Кошумча жургүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар 1992-жылы туулган Р.Н. жана 1995-жылы туулган Р.И. аттуулар экендиги аныкталган.
Азыркы учурда Россия Федерациясынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүлөрдү федералдык издөөгө алуу маселелери чечилүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлери радикалдык диний экстремизмге үгүттөгөн жаранды кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 299—2 беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдун илеялогиясын социалдык тармактар аркылуу активдүү таратышып, үгүттөгөндөрдүн өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүүдө.
Жакында, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмдун Баткен, Чүй облустары, Бишкек шаары боюнча көмүскө жамааттын лидери, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1975-жылы туулган Ч.А.М. аттуу жашоочусу кармалды. Шектүү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Азыркы учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарды тоноп, каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарды тоноп, каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Жакында, криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өткөн жылдын күз мезгили менен ушул жылдын кыш мезгилинде жасалган бир катар кылмыш иштеринин бети ачылган. Шектүүлөр аял кишилердин сумкаларын жулуп качып жүрүшкөн.
ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча 2017-жылдын ноябрь айында Бишкекте азият улутундагы болжол менен 28-35 жаштардагы белгисиз үч жаран фирмалардын бирине кирип келишип, коркутушуп, жаш кызга физикалык күч колдонуп, сабап салышкан. Фирманын кеңсесинен кытай улутундагы ишкердин жубайынын сумкасын тартып алышып, издерин жашырып качып кетишкен. Сумкада 6500 АКШ доллары, 280000 сом акча каражаты, автоунаанын ачкычы жана автоунаанын күбөлүгү бар болгон.
Ал эми, 2018-жылдын январь айында ушул эле Кытай Эл Республикасынын ишкерлерине кол салышкан. Түнкү маалда 8-кичирайондун аймагынан тоноочулар жабырлануучулар үйүнө кайтып келе жаткан жеринен кол салышкан. Тапанча менен коркутушуп, ишкердин жубайынын баалуу телефондор жана 50 000 сом акча каражаты салынган сумкасын тартып алышып, качып кетишкен.
ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын уурдоо, опузалоо, адамдарды сатууга каршы күрөшүүнү уюштуруу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактылардын бетин ачуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, көп өтпөстөн аталган кылмыш ишине тиешеси барлардын өздүгү аныкталган.
Ушул жылдын май айынын ортосунда Чүй облусунун Сокулук районунда шектүүлөрдүн бири жашаган үй текшерилип, тапанча, брелогу бар ачкыч жана башка буюмдар салынган баштык табылган. Жогоруда көрсөтүлгөн баардык буюмдар далил зат катары алынып, эскпертизага жөнөтүлүп, автоунаанын ачкычы жабырлануучу чет өлкөлүк жарандарга таандык экендиги аныкталган.
Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык убактылуу Сокулук районунда жашаган Нарын облусунун 1990-жылы туулган К.Э. аттуу жашоочусу Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кармалган жаран соттун токтому менен Бишкек шаарында жайгашкан №1тергөө абагына камакка алуу чарасы көрүлдү. К.Э. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Ошондой эле, жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар делип, криминалдык чөйрөдө “кароочу” каймана аты менен белгилүү болгон дагы бир жаран кармалды. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.
Козголгон кылмыш ишинин негизинде каракчылык фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Read more...

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54