wrapper

Бишкек ШИИББи

Бишкек ШИИББи (517)

Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү жабырлануучунун сумкасынан “Самсунг J3” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз жаранга карата тиешелүү чара көрүүлөрүн суранган.
Бул факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББнын кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада шектүү катары 1960-жылы туулган Р.Л. аттуу жаранды кармашып, текшерүү учурунда “Самсунг J3” үлгүсүндөгү уюлдук телефону табылган.
Азыркы учурда шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Бишкек ШИИББдиндин Басма сөз кызматы

Милицияга каракчылык фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Арызында ушул жылдын 29-январь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында жабырлануучу өз үйүндө жүргөн кезде белгисиз адамдар моюн орогуч менен беттерин жаап кирип келишип, тапанча менен коркутушуп, күч колдонуу аркылуу “Самсунг Ж-2”, “Ленова” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана “ACER” үлгүсүндөгү ноутбугун тартып алышкан. Ал эми жабырлануучуга чоң өлчөмдөгү материалдык чыгым келтирилген.
Жогорудагы факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган кылмыш ишине шектүү катары 1996-жылы туулган Ш.И. аттуу жаран кармаган.
Кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан жапайы кара куурай жыттуу өзгөчө жыты бар зат табылып, экспертизага жөнөтүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жаранды кармоо боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүүдө.
Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Милицияга, Бишкек шаарында жайгашкан кафелердин биринин ээси (аял киши) арыз менен кайрылып, кафенин ичинен курулуш материалдарын уурдап кеткен жаранга карата тиешелүү чараларды көрүүлөрүн суранган.
Жабырлануучуга жалпы суммасы 25 миң сомдук чыгым келтирилген.
Жогорудагы факты боюнча Октябрь РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1980-жылы туулган К.В. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жаранга карата Бишкек шаарында жайгашкан №1 тергөө абагына 2 айга камакка алуу чечими чыгып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын март айында маршруткадан жабырлануучунун чөнтөгүнөн “LG” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен жаранга карата тиешелүү чара көрүүлөрүн суранган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” менен кылмыш иши козголгон. Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иштери жүрүп, 1995-жылы туулган Г.М. аттуу жаранды кармашкан.
Ошондой эле, кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыш иши козголгон 8 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалган жаранга карата сот тарабынан чектөө коюлуп, Бишкек шаарында жайгашкан №1 тергөө абагына 2 айга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Ленин РИИБине такси кызматынын жумушчусу арыз менен кайрылып, 25-30 жаштагы кызга тиешелүү чара көрүүлөрүн суранган. Арызында үстүбүздөгү жылдын 24-апрель күнү жабырлануучунун “САМСУНГ С-4” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун чалып алуусун суранып, белгисиз жакка качып кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча Ленин РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ленин РИИБнин кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада 23 жаштагы Б. кызы А. аттуу жаранды кармашкан. Азыркы учурда ушул сыяктуу дагы 10 ашык кылмышка шектелип, анын ичинен 8 фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, кылмыш иши козголду.
Кылмышка шектүүгө карата сот тарабынан чектөө коюлуп үй камагына алынды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу жарандар, жогорку кылмышка шектүүнүн колунан жабыр тарткандарды Ленин РИИБине же төмөнкү телефондорго кабарлап коюңуздарды суранабыз: 0553 102-419, 0555 102-670, 0708 54 -07-50, 0700 59-91-14, 0700 39-65-05.
Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Свердлов РИИБге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, шаардагы кафелердин биринен курткасынын чөнтөгүнөн 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББдин кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмышка шектүү катары 32 жаштагы К.А. аттуу жаранды кармашкан. Шектүүгө карата сот тарабынан үй камагына алуу баш коргоо чарасы көрүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 9-май күнү саат 17:30 чамасында маршруттун ичинен “MI-5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген. Ал эми, жабырлануучуга 12 миң сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.
Ленин РИИБнин кызматкерлеринин ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Ж. Ж. аттуу жаранды кармашкан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жаранга карата чектөөлөр коюлуп, үй камагына алынды.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

11-май күнү Бишкек ШИИББде Бишкек шаарынын мектептеринин окуучуларына ачык эшик күнү болуп өттү.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, ачылышын Бишкек ШИИББнын башчысы, милициянын полковниги Сталбек Рахманов ачты.
Ошондой эле, иш-чарага Бишкек ШИИББнын жетекчилиги жана ардагерлери катышты. Андан соң Бишкек ШИИББдин КМКнын ТЧКАОнун мушкерлери кылмышкерлерди кармоо жана алардан коргонуу боюнча ыкмаларын көргөзүштү. Тескөөчүлөрдүн жана класс жетекчилердин коштоосунда жаш өспүрүмдөргө экскурсия уюштурулуп, Бишкек ШИИББнын кызматтары тааныштырылды. Окуучуларга ички иштер органынын түзүлүшүн, кызматкерлердин кызматтык иш убагындагы эрдиктерин жана жумушу тууралу айтып беришти.
Андан кийин окуучулурга Бишкек ШИИББнын музейи көрсөтүлүп, эксперт-криминалистикалык кызматы дактилоскопия кандай өткөрүлөөрүн, ыкчам чара көрүү борборун, криминалистикалык бөлүмүн, убактылуу кармоочу жайын көрсөтүү менен аяктады.
Иш-чаранын аягында окуучулар укук коргоо органына ыраазычылык билдиришип, Милиция кызматын тандоодо шыктандыруу бергенин билдиришти. Уюштуруучулардын пикири боюнча ушул сыяктуу иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп тураарын жана өсүп келе жаткан муунга маанилүү экенин билдиришти.
Мындай иш-чара милиция кызматкерлердин күнүмдүк жумушу тууралуу түшүнүк пайда болоорун, өздүк тарбиялөө жана адеп-ахлактын орношуна түрткү берээрин белгилешти.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы


Свердлов РИИБге жергиликтүү тургундан ири өлчөмдөгү акча каражаты уурдалгандыгы боюнча арыз келип түшкөн. Анда 30 апрелден 1-майга караган түнү белгисиз адам үйүнө кирип “Айфон” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 100 миң сом жана 500 АКШ долларын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш ишин козгогон.
Милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон 2001-жылы туулган А.Р. аттуу жаранды кармашкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ушул сыяктуу дагы 4 кылмышка тиешеси бар экендигин аныкталган.
Азыркы учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 27-апрель күнү белгисиз жаран үйүнө кирип, уюлдук телефонун жана 9 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты Свердлов РИИБде каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам- издөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 23 жаштагы Б.у.А. аттуу жаран кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы

Страница 1 из 37

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54