wrapper

Чуй ОИИББи

Чуй ОИИББи (382)

2018-жылдын 30-май күнү Сокулук районундагы О.Кутманалиев атындагы маданият үйүндө 250 окуучулардын катышуусунда, жаш өспүрүмдөр арасында “Кылмыштуулукту алдын алуу” жана “Кырсыктарга, ошондой эле тартип бузууларга жол бербөө” максатында балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган иш-чарага Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, билим берүү бөлүмүнөн, өзгөчө кырдаалдар министрлиги, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жана социалдык өнүгүү кызматтын өкүлдөрү катышты. Сокулук районунун аймагында 100дөн ашык көлмөлөр болгондуктан жайында ал жерлерде сууга түшкөн өспүрүмдөр арбын болот. Жолугушууда сууга түшүүдө жана башка коомдук жайларда жүргөндө өспүрүмдөр кырсыктардан алыс болуусу үчүн дайыма жакындарынын коштоосунда жүрүү зарылдыгы айтылды.
Андан сырткары, түнкүсүн коомдук жайлар жана башка көңүл ачуучу жайлар милиция кызматкерлери жана социалдык өнүгүү кызматтын өкүлдөрү тарабынан тынымсыз текшерилип тураары кошумчаланды.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 29-май күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кант шаарындагы үйлөрдүн биринде ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу жарандардан маалымат келип түшкөн.
Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке Ысык-Ата районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, үйдүн ичинен болжол менен 25-30 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Кароо жүргүзүү учурунда денесинде жаракаттар аныкталып, ал киши колдуу болуп өлгөнү маалым болгон. Териштирүү учурунда, окуя болгон үйдө 28 жаштагы М.Е аттуу аял, 30 жаштагы Д.Л. аттуу жарандык никедеги жолдошу экөө жашап жүрүшкөн. Ошол күнү болжол менен түнкү саат 22:30 чамасында алардын үйүнө 30 жаштагы К.Е. аттуу досу келип, чогу отурушуп, спирт ичимдигин ичишкен. Мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, үй ээси конокко келген досун бычак менен бир нече жолу сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Бул окуя Ысык-Ата районунун ИИБнө катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ысык-Ата районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан изи сууй электе жогорудагы кылмышка шектелип, 30 жаштагы Д.Л. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 16-апрель күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 52 жаштагы К.Е. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 16-апрелде болжол менен саат 16:30 чамасында анын автоунаасынан белгисиз адамдар уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип, 29 жаштагы Ж.У. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалып, эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасы коюлган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 18-май күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 55 жаштагы Л.Ф. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 15-май күнү болжол менен саат 14:00 чамасында анын үйүндө турган “Урал” үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген.
Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, шектүү катары Токмок шаарынын 44 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалып, текшерүү учурунда ал мурда сот жообуна тартылгандыгы маалым болгон. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Сокулук айылынын 27 жаштагы К.В. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар көчөөдө токтоп турган жабырлануучуга таандык «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул окуя боюнча Сокулук РИИБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыштын изин шектүү катары Бишкек шаарынын 36 жаштагы А.И. аттуу жашоочусу кармалып, ага карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алнган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Бишкек шаарынын жашоочулары Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 15-майдан 16-майга караган түнү Лебединовка айылында жайгашкан камадан электр жабдууларын жана башка буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылышкан. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүү делип, Ысык-Ата районунун 44 жаштагы Т.В. аттуу жашоочусу кармалып, уурдаган буюмдарды Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы базарларга өткөрүп салганы маалым болгон.
Кармалган жаран буга чейин Аламүдүн районунун аймагынан 5 уурулукка катыштыгы бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда уурдалган буюмдар базарлардан кайтарылып алынды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Үстүбүздөгү жылдын 17 май күнү Ысык-Ата районунун мектеп окуучулары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имараты менен таанышышты.
Бул иш-чара окуучуларды патриоттуулукка, алардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана тартип бузууларды алдын алуу максатында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулган.
Окуучулар Жогорку Кеңештин имаратындагы музей, китепкана жана жыйындар залында болушуп, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жоопторду ала алышты. Имараттын ичинде мектеп окуучуларына эл өкүлдөрү менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, эл өкүлдөрү менен маек жүргүзүшүп, ар бир окуучу эл өкүлдөрүнө суроолорду узатышып, татыктуу жоопторду алышты. Депутаттар мектеп окуучуларын билим алууга чакырышып, билимдүү жаштар өлкөнүн ишенимдүү келечеги болоорун кошумчалашты. Бул иш-чарага катышкан 45 окуучуга бул күн сыймыктуу болгонунун белгилешип, көнүлдүү кайтышты.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, 35 жаштагы К.Т. аттуу жергиликтүү жашоочу бир нече уурулукка шектелип кармалган. Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жаран Беш-Күңгөй дачасындагы үйлөрдөн баалуу буюмдарды, зергер жасалгаларын жана тиричилик техникаларды уурдап жүргөнү аныкталган.
Кармалган жаран Аламүдүн районунун аймагынан 10 кылмыш ишине тиешеси бар экендигин моюнуна алып, анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 15-май күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын ички министрлигинин буйругу менен 15-май кызмат учурунда милдетин аткарып жатып каза болгондорду эскерүү күнү деп жыл сайын белгиленип келет. Бул жолу эскерүү иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындары катышты.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө милиция кызматкерлери өз өмүрүн тобокелге салышат. Тилекке каршы, кызматкерлерди жоготуу учуру да болбой койбойт. Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоодо, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү учурунда курман болгон 23 кызматкердин аттары “Даңк” мемориалга алтын тамгалар менен жазылып калган. Бул кызматкерлер жумуштун кызыкчылыгын өз өмүрлөрүнөн жогору койгон патриот, элди жана мекенди сүйгөн кызматкерлер катары дайыма эскерилип турат.
Иш-чаранын соңунда милдетин аткарып жатып каза тапкан кызматкерлердин эстелигине гүл коюлуп, бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланып, куран окулду.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 13-май күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде Кара-Балта шаарынын 22 жаштагы М.Р. аттуу жашоочусунун үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда, сарайдын ичинде катылган ок атуучу курал табылган. Текшерүү учурунда ок атуучу куралдын тиешелүү документтери жок болгондуктан, табылган курал алынып, ага экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Страница 1 из 28

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54