wrapper

Патрулдук милиция

Патрулдук милиция (76)

2018-жылдын 9-май күнү Улуу Ата-мекендик согуштун жеңиш күнүнө карата өткөрүлүүчү “Өлбөс полку” жөө жүрүшү жана иш-чаралардын өтүү убактысында Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрүндө убактылуу жабылуулар болот:
- Шопоков көчөсү жана Ибраимов көчөлөрү Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки аралык;
- Масалиев көчөсү Байтик Баатыр проспектисине чейин (Жеңиш паркы, Түштүк магестральга чейинки аралык);
- Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрү, Масалиев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки аралык;
- Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки аралык;
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы айдоочуларды иш-чара өтүп жаткан учурларда эртерээк альтернативдүү жолдорду тандап жүрүүсүн сунуштайт!

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Республика аймагында "Абайлагыла балдар!" аталышындагы бир айлык иш-чарасы Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын көзөмөлүндө өткөрүлүп жатканына байланыштуу, Ысык-Көл облустук ЖКККБнын кызматкерлери Каракол шаарында мектеп окуучуларынын жайкы эс алуу күндөрүнүн алдында мектеп окуучулары арасында жол кыймылынын эрежесин сактоо, жолдо жүргөндө өзүн кандай алып жүрүү боюнча мектептерде атайын сабактарды, оюндарды уюштуруу менен иш-чаралар өткөрүүдө.
Ошондой эле жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн тайпалары, тескөөчүлөр менен биргеликте жеткинчек окуучулардын сабактарына келип, кетүү учурларында жолдон өткөрүп, аларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүү менен бирге, мугалимдеринин коштоосунда жол тилкесинен өткөрүлүүдө.
Мындай иш чаралар Ысык-Көл облусунун аймагында баардык мектептерде жана бала бакчаларда күнүгө уюштурулуп, жаш өспүрүмдөрдү катышкан жол кырсыктарынан болтурбоо жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчылыгы алдында, Ош шаарынын борбордук аянтында “Мен жол эрежесин сактайм” аталышындагы иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги, Ош облустук жана шааардык ЖККК бөлүмдөрүнүн башчылыры менен өздүк курамы, мектеп окуучулары, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн тайпалары, мугалимдер, ата-энелер жана баардык каалаган шаар тургундары катышты. Иш-чаранын негизги максаты жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, жаш өспүрүмдөрдүн жолдо жүрүп, жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда жол-транспорттук кырсыкка кабылышына мүмкүн экендигин маалымдоо, алдын алууну, жол кыймылынын маданиятына үйрөтүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр жол кыймылынын эрежелери тууралуу сүрөт тартуу менен бирге, концерттик программа жана ар кандай сынактар менен коштолуп, белектер берилди.
Ошондой эле, катышуучулар Ош шаардык борбордук аянтынан марш менен өтүп, асманга шарларды учурушту.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери ар бир мектептерде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча сабактарды тынымсыз өтүшүүдө.


ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

2018-жылдын 24-апрель күнү Чүй облусунун Москва районунда Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан токтотууга туура эмес жайларда турган унааларга эвакуатор жана блокираторларду колдонуу менен тиешелүү чаралар көрүлдү.
Иш-чаранын максаты, туура эмес жерлерге унааларын токтотуп, унааларын таштап кетип калып, жол эрежелерин бузуу менен жол кыймылынын катышуучуларына жолтоо болгон унаа ээлерине чара көрүү жана район аймагында жол коопсуздугун жөнгө салуу болду.
Тескөөчүлөр тарабынан иш-чаранын алкагында ушундай 40 жол эреже бузуулар аныкталып, 15 унаа эвакуатордун жардамы менен унаа токтотулуучу жайга киргизилди.
Аталган иш-чара Чүй облусунун аймагында тынымсыз жүргүзүлө тургандыгын эскертебиз.
ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

2018-жылдын 12-апрель күнү болжол менен саат 16.50 чамасында Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын Комсомол жана Кыргызстанга 50 жыл көчөлөрүнүн кесилишинен, белгисиз айдоочу белгисиз унааны башкарып келе жатып, үч жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен, 7 жаштагы Д.А., 4 жаштагы Г.Ш. жана 6 жаштагы Б.А. алган жаракаттарынан аймактык ооруканага жеткирилишкен . Бул жол кырсыгы Москва РИИБде катталып, бул факты боюнча Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, жакын жайгашкан видео-көзөмөл камераларын карап чыгып, болжол менен ошол маалда өткөн унааларды иликтөө менен “Мерседес” үлгүсүндөгү унааны аныкташкан.
Унааларды текшерүү менен күбөөлөрдү сурамжылоонун натыйжасында, Чүй облусунун 64 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кармалып, суракка алган учурда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал эми, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа Москва РИИБнин атайын токтотулуучу жайына киргизилип, айдоочу тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди. Жол кырсыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28- беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынып, иликтөө иштери жүргүзүлө баштады.
ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

2018-жылдын 10-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБне Сузак районунун 34 жаштагы жашоочусу кайрылып, 10-апрель күнү болжол менен түнкү саат бирлер чамасында “Чычкан” капчыгайынан азият улутундагы төрт адам курал менен коркутуп, жабырлануучунун ноутбугун, уюлдук телефонун, 20 000 миң рубль жана 15 000 сом акча каражатын күч колдонуп тартып алышып, жалпы суммасы 80 000 сомдук материалдык чыгым келтиргенин билдирген.
Жогорудагы факты Токтогул РИИБдин кылмыштарды каттоо китепчесинде катталып, шектүүлөрдү кармоо үчүн башка бөлүмдөргө багыттамалар жөнөтүлгөн.
2018-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Сосновка айылында жайгашкан ЖКККБнын өткөрмө постунан Чүй облусу боюнча ЖКККБнын Жол көзөмөлдөө кызматынын взводунун кызматкерлери шектүү болгон кара түстөгү арткы бампери жок «Фольксваген-Гольф-2» үлгүсүндөгү автоунаасын токтотушкан. Автоунаанын ичинде 21 жаштагы Ж.Б. жана К.Ч. аттуу Токтогул районунун тургундары бар болушуп, автоунааны текшерүү учурунда ичинен белгисиз үлгүдөгү 2 даана ок, 3 уюлдук телефон жана 2 ноутбук табылган.
Автоунаа жана кармалган жарандар Жайыл РИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлүп, иликтөө иштери уланып жатат.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Адам өмүрлөрүн алып, оор жаракаттарга алып келүүчү жана жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери облус аймагынын баардык райондорунда “Абайла балдар!”, “Жүргүнчү”, “Ылдамдык” аталышындагы иш чараларды өткөрүүдө.
2018-жылдын 10-апрель күнүнөн тарта Чүй облусунун ЖКККБнын тескөөчүлөрү эртең менен, түштө, кечинде мектептердин жанынан өтүүчү жолдордо күзөтүн күчөтүүдө, ошондой эле мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабак өтүп, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугуп түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.
Ушундай эле түшүндүрүү иштери эл ташуучу унаалардын айдоочулары менен аялдамаларда жана авто бекеттерде өткөрүлүүдө. Мындан тышкары тескөөчүлөр ылдамдыкты ченөөчү радарлардын жардамы менен ылдамдыкты сактабаган айдоочуларга чара көрүү маалында, ылдамдыкты сактабагандан келип чыккан жол кырсыктарынын оор кесепетери тууралу айтып, түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы жол кыймылынын катышуучуларына эрежелерди сактап, жол кырсыгына учурабай аман жүрүүсүн тилеп, жол коопсуздук көйгөйүн жалгыз милиция кызматы эмес жалпы коомчулук менен биргеликте киришсе чечиле тургандыгын эскертет.
ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги жана өкүлдөрү, Бишкек шаардык ЖКККБнын кызматкерлери, прокуратура, шаардык усулдук билим берүү мекемесинин өкүлдөрү жана мектеп башчыларынын катышуусундагы жыйын өттү.
Анда өспүрүмдөргө жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүүдө биргелешип иштөө жолдору тууралуу талкуу жүргүзүштү.
Талкуу маалында, азыркы учурда кээ бир жерлерде  үстүртөн иш жүрүп жаткандыгы айтылды. Жаңы технологиялардын, өнүгүүнүн заманында өспүрүмдөргө кызыктуу болуш үчүн жол эрежелерине тийиштүү жол белгилерди жазоо,  сүрөт тартуу, социалдык тармактардан ар кандай колдонмолордун (фильм, көрсөтүү, мультфильм) жардамы менен балдарга кызыктуу болуучу ыкмалар аркылуу иш алып баруу сунушталды.Жолугушуунун жыйынтыгында, жыйын катышуучулары өспүрүмдөргө жол эрежелери боюнча сабак өтүү ыкмаларын өзгөртүү жана жаңылаш керек деген бир ойго келишти.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери 23-25-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн «Z муундары: балдардын бейкуттугу» аталышындагы Борбор Азиялык Хаквест иш-чарасына катышты.
Бул иш-чарага 19 команда катышууга келишкен.
Иш-чаранын максаты- Борбордук Азиядагы балдардын жашоосун жакшыртуу менен аларга карата зомбулукка бөгөт коюу үчүн санарип технологияларын колдонуу менен жаңычыл чечимдерди иштеп чыгуу.
Аталган иш-чара Кыргызстанда “Таза Коом” долбоорунун максаттарын жана “Ачык Өкмөттүн өнөктөштүгү” демилгесин алдыга жылдырууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери балдардын укугун коргоо менен кошо мектеп окуучуларынын жолдон өтүүдөгү коопсуздугу жөнүндөгү суроолорду камтыган тиркемесин (приложение) иштеп чыгуу боюнча эксперт катары чакырылган.
Андан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө кенже жана орто класстардын окуучуларынын жолдо жүрүүдөгү жүрүм-турумдарын жакшыртууга багытталган санариптик жаңычыл программа иштелип чыгарылды.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен ЖКККББнын командасы үчүнчү орунду ээлеп, коопсуздук боюнча программасын өнүктүрүү жана аны ишке ашыруу боюнча колдоого ээ болушту.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

2018-жылдын 22-март күнү Талас облусунун Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айылынын 49 жаштагы Н.О. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 22-мартка караган түнү арыз ээсинин үйүнүн алдында токтоп турган “Ауди-С4” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап, айдап качып кеткендиги тууралуу билдирген.
Республика аймагында өткөрүлүп жаткан “Унаа-издөө-Костоправ” аталышындагы иш-чарасынынын жүрүшүндө Талас облусу боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрүнүн ыкчам иш алып барууларынын негизинде, облус аймагынан чыгарбай унаа кармалып, кылмашка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 42 жаштагы Т.Ү. аттуу тургуну кармалган.
Унаа атайын токтотулуучу жайга киргизилип, шектүү жаран Бакай-Ата РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.
ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

Страница 1 из 6

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54