wrapper

Ош ОИИБи

Ош ОИИБи (76)

2018-жылдын 11-июнь күнү Ноокат районунда милициянын отсавкадагы генерал-майору Мурзалы Абдурахмановду эскерүү аземи болуп өттү. Бул аземге Ноокат районунун акиминин орун басары Паизов З, Ноокат РИИБнин башчысы Ж. Исаев жана райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы, Ноокат шаарынын мэри Нурдинов Ж, Ноокат райондук  Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бобулов К, ошондой эле генералдын кызы З.Абдурахманова, жана Ноокат шаарынын тургундары катышты. Генералдын айкелине гүлчамбар коюлуп, элесине арналып куран окулду.  Мурзалы Абдурахманов тирүү болгондо 90 жашка чыкмак.  Мурзалы Абдурахманов эмгек жолун комсомолдук комитеттен баштап партиянын жооптуу кызматкери, 1969-1984-жж аралыгында Ош ОИИБнин башчысы болуп эмгектенген, 1990-жылы Ош коогалаңында элдин өтүнүчү менен кайрадан 1990-1991-жылдары Ош ОИИБнин башчысы болуп дайындалган. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн коомдук коопсуздукту коргооого жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган. Бир нече мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланып, оор атлетика боюнча Кыргыз ССРнин чемпиону наамына татыктуу болгон. Көп кырдуу мамлекеттик жана коомдук ишмердин элесин түбөлүкө калтыруу максатында анын ысмын өзүнүн туулуп өскөн райондун көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу боюнча сунуштар айтылды.

Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы.

2018-жылдын 19-май күнү милицияга Ош облусунун 1974-жылы туулган И.К. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, март айында белгисиз адамдар жабырлануучуга таандык сарайдан бир баш малын уурдап кеткендигин билдиришкен.
Ал эми, жабырлануучуга 50 000 сомдук зыян келтирилген.
Жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1978-жылы туулган К.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 15-май күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө карата иш –чара өткөрүлдү. Бул иш-чара алгач кызмат учурунда курман болушкан кызматкерлердин айкелдерине гүл чамбарларды коюп, аларга арнап Куран аяттарын окуу жана бир мүнөт алардын элесин эскерүү менен башталды. Аталган иш-чарага ИИОдо иштеп кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болушкан кызматкерлердин жакын туугандары, ардагерлер жана Ош ОИИБнин өздүк курамы катышты. Ош ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, алардын элеси эч качан кесиптештеринин эсинен чыкпай тургандыгын жана алардын өрнөктүү өмүрлөрү жаш кызматкерлер үчүн үлгү болуп, Кыргыз милициясынын тарыхында ысымдары түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып, алардын ысымдары менен көчөлөрдүн, мектептердин аттары аталгандыгын жана алар жөнүндө китептер жазылып, документалдуу фильмдер тартылгандыгын баса белгиледи. Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн сактоодо, коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, жарандардын укуктарын коргоо учурунда баатырларча курман болушкан Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ысымдарын түбөлүккө калтыруу болуп саналат.
1991-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болушкан милиция кызматкерлеринин саны 35ке жеткен.
Алардын айрымдарынын ысымдарын атай кетчүү болсок милициянын полковниктери Алиев Уран Маматканович, Султанов Адылбек Карабаевич, милициянын майорлору Эргешов Жылдызбек Абрахманович, Коробаев Маматай Жунусович, милициянын кенже лейтенанттары Сайдиев Нурланбек Жанышович, Шамурзаев Уран Жумаевич, Маккамбаев Руслан Байышович, милициянын старшиналары Карабалтаев Замирбек Алтымышович, Бокоев Жээнбек Парпиевич ж.б..
Иш-чара, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кесиптештеринин урматына Ош ОИИБнин өздүк курамынын салтанаттуу саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.
Эскерүү күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин Буйругунун негизинде 2016-жылдын 15-майынан бери карай белгилене баштады.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Ош облустук ички иштер башкармалыгында 25 жылдан ашуун кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, милициянын отсавкадагы майору Исмаилов Каим 97 жашта. Ал 1942- жылдын май айынан 1946-жылдын июль айына чейинки мезгилде кырчындай жаштык кезин согуш талаасында өткөргөн. Согуштан келип Ош облустук Элдик ички иштер комиссариатынын катардагы милиция кызматкери болуп кызмат өтөп, 1974-жылы 10-майда Араван райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы кызматынан ардактуу эс алууга чыккан. Учурда 3 уул 7 кыздын атасы. Улуу Жеңиштин 73 жылдык маарекеси менен ардагерди Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов куттуктап, ардагерге акчалай жана баалуу белектерди тапшырды.
Бүгүнкү күндө Ош облустук Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыгышкан 1 согуштун, 6 оруктун ардагери бар.

Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 24-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Ош ОИИБнин өздүк курамына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы дайындалган башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдиновду тааныштырды.
Ал эми мурдагы Ош ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Мурат Боронов Ош ШИИБнин башчысы болуп дайындалды.
С. Өмүрзаков Ош ОИИБнин өздүк курамына жаңы башчысын тааныштырып жатып, Ош ОИИБнин жетишкендиктерине токтолуп кетти. Буга чейин Ош ОИИБи 2015-жылдын жыйынтыгы менен кылмыштуулук менен күрөшүү көрсөткүчү боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн баалоо критерийлеринин негизинде 3-орунду ээлеген. 2016-жылы 2-орунду, ал эми 2017-жылы 1-орунга татыктуу болгонун белгилеп кетти.
Өздүк курам жаңы жетекчилик менен мындан ары жарандардын укуктарын коргоодо, кылмыштуулукту алдын алуу жана күрөшүүдө жакшы көрсөткүчтөргө жетише берээрине ишене тургандыгын билдирди. Ошондой эле Ош облусунун аймагында катталып жаткан мал уурулук боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды. Ошол эле учурда жаңы дайындалган Ош ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов, өздүк курам менен жакындан таанышып, өзүнүн алдыда аткара турган иш-пландарына токтолду. Ал өз сөзүндө биринчи кезекте кадр маселесин дайындоодо коррупциялык элементтерге жол бербей тургандыгын, ар бир бөлүмдүн жана кызматтардын жетекчилерин мыйзам чегинде иш алып баруусун талап кылды жана уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүүдө ишти жандандырууга 2010-жылдырдагы окуяларда жоголгон эл арасында мыйзамсыз жүргөн ок атуучу куралдарды кайтарууну колго аларын баса белгилеп кетти.
Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 21-мартынан 22-мартына караган түнү болжол менен саат 02.00 чамасында Ош шаардык ооруканасына 1995-жылы туулган жаран келип түшкөн. Ага медициналык кароо жүргүзүү учурунда бир колу сынгандыгы аныкталган. Атайын соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен жабырлануучу денесинен оор жаракат алган деп корутундусу чыгарылган. Бул окуя Ош шаарында жайгашкан түнкү клубдардын биринде катталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну кармалган.
Ошондой эле, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү жарандардын бири, Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Жалал-Абад шаарында качып жүргөн жеринен кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 1-март күнү Ош шаардык сотунун өкүмү менен 9 жаран Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 299-1-беренесинин 2-3 –бөлүктөрүндөгү кылмыш белгилери боюнча 3 жана 4 жылга эркиндиктеринен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөө үчүн сот залынан камакка алынды.
Бул жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында 2017-жылдын 15-июнь күнү Бишкек шаардык жана Октябрь райондук соту тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Йакын Инкар» диний экстремисттик агымынын мүчөлөрү катары Кара-Суу районунда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Мындан сырткары 7 жаранга карата тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, 6 жаран Араван районунан 1 жаран Өзгөн районунан кармалышкан.
Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 25-февраль күнү болжол менен саат 16:30 чамаларында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 1964-жылы туулган Н.Х. аттуу жашоочусу белгисиз адамдар тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, маркумдун жансыз денеси үйүнүн бөлмөсүндө табылган. Үйдүн жанынан далил буюм катары кандын тактары бар балка табылган. Маркумдун денесиндеги жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Оор жана өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында башкармалыктын тажрыйбалуу кызматкерлеринин арасынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жана алынган маалыматка ылайык Ош ОИИБнин жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан маркум менен Россия Федерациясында бирге иштеп жүргөн Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х. уулу Б. аттуу тургуну изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү өз көрсөтмөсүндө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого досторун үгүттөп, А. жана У. аттуу достору менен 2018-жылдын 25-февралга караган түнү маркумдун үйүнө барып, үйдүн арткы тарабындагы дубал аркылуу өтүшүп, темир труба жана балканы алып, үйгө киришип, уктап жаткан Н.Х. аттуу жабырлануучуну 3-4 жолу труба жана балка менен уруп, папкада сакталып турган документтерди жана акчаны алып үйдөн чыккан соң, издерин жашырып качып кетишкен. Маркумдун үйүнөн алган акчаны ар бири 92 000 сомдон бөлүп алышып элдерден топтолгон Кыргызстандын жалпы жарандык 22 даана паспортун өрттөп жиберишкен. Кылмышка шектүүнүн шериктеринин бири ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарындагы чайханалардын биринде иштеп жаткан жеринен кармалган. Үчүнчү шектүү Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Б. У. аттуу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына карай келе жатканда шаардын кире беришиндеги тосмо пунктунан автоунаада келе жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда шектүү катары кармалган 3 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Иликтөө учурунда маркум Россия Федерациясына жарандарды жумушка алып барып иштетип жүргөн. Окуя болгонго чейин 22 жаранды Россияга жумушка орнотом деп самолетко билет алууга ар биринен 12 000 сомдон паспорттору менен топтогондугу аныкталган. Жалпысынан топтолгон 276 000 сом акчаны алуу үчүн кылмышка шектүүлөр маркумдун жанын кыюуга барышкан.
Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 25-февраль күнү болжол менен саат 16:30 чамаларында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 1964-жылы туулган Н.Х. аттуу жашоочусу белгисиз адамдар тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, маркумдун жансыз денеси үйүнүн бөлмөсүндө табылган. Үйдүн жанынан далил буюм катары кандын тактары бар балка табылган.
Маркумдун денесиндеги жаракаттарды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында башкармалыктын тажрыйбалуу кызматкерлеринин арасынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жана алынган маалыматка ылайык, Ош ОИИБнин жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан маркум менен Россия Федерациясында бирге иштеп жүргөн Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х. уулу Б. аттуу тургуну изин жашырып жүргөн жеринен кармалган.
Шектүү өз көрсөтмөсүндө мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого досторун үгүттөп, А. жана У. аттуу достору менен 2018-жылдын 25-февралга караган түнү маркумдун үйүнө барып, үйдүн арткы тарабындагы дубал аркылуу өтүшүп, үйдүн бурчунда турган балканы алып, үйгө киришип, уктап жаткан Н.Х. аттуу жабырлануучуну 3-4 жолу балка менен уруп, папкада сакталып турган документтерди жана акчаны алып үйдөн чыккан соң, издерин жашырып качып кетишкен.
Ошондой эле, кармалган жарандын жогоруда аталган досторунун бири Ош шаарындагы чайханалардын биринде иштеп жаткан жеринен кармалган. Андан соң, Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Б.у.У. аттуу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына карай келе жатканда шаардын кире беришиндеги тосмо пунктунан автоунаада келе жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Учурда шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 15-18-февралына чейин Ош облусунун аймагында ички иштер органдары, билим берүү мекемелеринин, үй- бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик админстрацияларынын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрүнүн, Ош облустук жаштар иштери боюнча дене тарбия жана спорт башкармалыгынын райондук кызматкерлеринин катышуусунда жаш өспүрүмдөр арасында мектеп рэкетин коомго каршы аракеттерди жасаган формалдуу эмес жаш өспүрүмдөрдүн тобун, алардын ичинен опуза талап кылуу фактыларынын келип чыгуусун, өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана топтолушуп мушташуулардын алдын алуу, аныктоо жана болтурбоо боюнча максатында ыкчам алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Облустун аймагында 208 ар түрдүү алдын алуучу иш- чаралар өткөрүлүп, иш-чара убагында мектеп окуучулар жана өспүрүмдөр арасында «Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу тууралуу ата-энелердин катышуусунда атайын лекциялар жана видеороликтер көрсөтүлдү. Ушул иш- чаралардын алкагында түнкү рейддер өткөрүлүп 22:00дөн кийинки мезгилде жүргөн жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында облустун аймагында 26 интернет жана компьютердик клубдар текшерилип, түнкү мезгилде жүрүшкөн 19 өспүрүм табылып, ата-энелерине өткөрүп берилди. Иш-чара убагында Ош облусунун аймагында рэкетчилик кылып, коомго терс аракеттерди жасаган формалдуу эмес жаш өспүрүмдөрдүн тобу байкалган жок.
Иш- чара учурунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана өз жанын кыюу фактыларынын өсүш себептери талкууланды жана ал көйгөйлөрдөн чыгуунун жолдору боюнча сунуштар айтылды. Өзгөчө белгилей кетчүү нерсе жаш өспүрүмдөр менен иштешүү багытында айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү заман талабы экендиги баса белгиленди.
Мисалы райондук админстрациялардын алдында балдар боюнча комиссия мыйзамга киргизилген ошол эле учурда жаш өспүрүмдөр менен иштешүү комиссиясы мыйзамда каралбай калган. Жаш өспүрүмдөрдү атайын учетко алган тартибин да кайрадан карап чыгуу сунушталды. Ошол эле учурда кылмыш кылып камалып кеткен ата-энелердин (диний экстремизм, терроризм ж.б өтө оор жана оор кылмыштар боюнча) балдары менен иштешүүгө өзгөчө көнүл буруу керектиги замандын талабы экендиги белгиленди.
Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы

Страница 1 из 6

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54