wrapper

СССР ББАК 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун тузүү жөнүндө чечим кабыл алган. Кыргыз аймагы биринчи жолу өз алдынча мамл. түзүлүштүн алкагына биригип, кыргыздардын улуттук калыптануу процесси башталган.
1924-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын аймагында мамл. бийликтин убактылуу органы ККАОнун Революциялык Комитеты (төрагасы Иманалы Айдарбеков) түзүлгөн. Революциялык Комитеттин тутумунда аткаруу бийлигинин бөлүмдөрү, а. и. Ы. Тойчинов башында турган адм. бөлүм да болгон. 1924-жылдын 1-ноябрында адм. бөлүмдүн башчысы Ы. Тойчинов өзүнүн отчётунда обл. милиция башкармалыгы иштей баштагандыгын, анын биринчи начальниги болуп А. П. Арумов дайындалгандыгын белгилеп кеткен. Ошондон баштап 1-ноябрь Кыргыз милициясынын уюшулган күнү болуп калган.
1925-жылдын март айынын аягында ККАОнун Советтеринин 1-съезди облустун эл чарбасын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелерин талкуулап, обл. аткаруу комитетине «милиция, кылмышкерлерди издөө органдарынын иштерин жакшыртууга, алардын маданий денгээлин көтөрүү, милиция кызматкерлерин даярдоо үчүн обл. мектептерди уюштуруу, адм. аппараттын кызматкерлерин материалдык жактан камсыздоо ж. б.» зарылчылыгын көрсөткөн. Бул маалымат ошол кезде мамлекет жана коом тарабынан милицияга кандай камкордук көрүлүп, көңүл бурулгандыгын далилдейт.
НКВД Киргизской АССРОлтургандар солдон оңго: 1)Кыргыз ССРдин Ички Иштер Элдик Комисары жол. Жоламанов;2) Кыргыз ССРдин милициянын башчысы жол. Нерабоченко; 3) БШКнын төрагасы Таш-Хубайбернеков; 4) Кыргыз АССРдин КПнын жоопту катчысы жол. Шубриков; 5) ЭКСтин төрагасы жол. Абдрахманов; 6) ИИЭКнын орун басары ж. Киселев;\ Солдон оң тарапка турушат: 1) Ц.У.Р.дун башчысы жол. Акимов;2) Камалуу жайлардын тескөөчүсү жол. Сабо; 3) Ц.А.У.нун башчысы жол. Стебник.\12\ XI- 27 жылы\ Фрунзе ш.1927-жылдын 7-12-мартында Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съезди Кыргыз АССРин түзүү жөнүндө Декларация кабыл алып, Борбордук Аткаруу Комитетин (БАК) жана алгачкы өкмөттү Эл Комиссарлар Советин (ЭКС) уюштурган. Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп Ю. Абдрахманов шайланган. Ага жер, финансы, эл агартуу, саламаттык сактоо, ички иштер ж. б. комиссариаттар караган. Ички иштер эл комиссарлыгына алгачкылардан болуп Искандер Жанузакович Жоламанов бекитилген.
Негизги милдети болгон кылмыштуулукка карты күрөшүүдө жана коомдук тартипти сактоодо ишке жолтоо кылган жаатчылыкты, милициянын башка иштерге пайдалануу аракеттерин четтетүү оңойго турган эмес. Мына у шуга байланыштуу Кыргыз АССР БАКтын 1929-жылдын 11-сентябрындагы циркулярдык катында бардык кантондук жана райондук аткаруу комитеттерине кайрылып, жер-жерлерде дагы эле адм. органдардын кызматкерлерин негизги ишинен алагды к.ылуу токтобой, ички иштер эл комиссариатынын бир катар көрсөтмөлөрү аткарылбай калып жаткандыгын баса көрсөткөн. Мындай көрүнүштөр Нарын кантонунда, Ош округунун бир катар райондорунда байкалган. Кыргыз АССР БАКы жогорудагыдай көрүнүштөрдү туура эмес деп таап, андайга жол койбоону тал ап кылган.
Жумушчу-дыйкан милициясынын алгачкы уюштуруучуларынын катарына бир туугандар: Балтакожо жана Насрулло Султановдорду, Газыбай Казыбаевди, Абдылда Исабаевди, Николай Нерабоченкону, Атажан Сулаймановду, Николай Парфентьевди, Санжар Кылычбековду, Машариф Масабировду, Эргеш Алиевди, Петр Гайлисти ж. б. көптөгөн адамдарды кошууга болот. Ал ар граждандык согуштун каардуу мектебинде тарбияланышып, Совет бийлигин түшүнүү менен кабыл алышкан жана анын талаптарын, идеяларын, бардык күчаракеттерин жумшап аткарууга аракеттенишкен. Бирок. 1918-20-ж. Түркстан АССРинин Түш. аймактарында Совет бийлигине каршы Эргеш, Мадаминбек баштаган басмачылардын айыгышкан күрөшү башталып, 1918-ж. Балтакожо Султановду өлтүрүшкөн. 192 7-ж. Ош түрмөсүнөн топтошуп качуунун мизин кайтарууда шаардык милициянын экинчи начальниги Атажан Сулейманов курман болгон. Ал эми 1931-ж. Кыргыз АССР БАКтын төрагасы Абдыкадыр Орозбековго каршы даярдалган теракттын алдын алууга аракет кылып жатып, Ош милициясынын дагы бир начальниги Газыбай Казыбаев курман болгон.
Тарыхтын жогорудагыдай чукул бурулуштарында массалык зордук-зомбулук, кылмыштуулук күчөгөн. Айрыкча бул көрүнүш коллективдешти рүү, индустриялаштыруу мезгилине мүнөздүү болгон. 30-жылдары кылмышкерлер менен кармашууда Иван Купрянов, Леонид Карлсон, Шакир Ахмедов жана Мухамбет Нургазиевдер курман болушкан. Ушул жылдары милиция кызматкерлери күжүрмөн постто гана эмес, болыневиктик жетекчиликтин ортосундагы бийлик талашуу мезгилинде да репрессияга дуушар болушкан. Ал кезде ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн өз ара шектенүү, аңдышуу кадыр эсе көрүнүш болуп калган. Саясий шимшүүлөр милиция кызматкерлерин негизги милдеттен алагды кылган. Ушундан улам 1938-ж. март айында ички иштер эл комиссариаты милиция кызматкерлерине түрдүү саясий акцияларга катышууга тыюу салган буйрук чыгарып, күчту кылмыштуулукту четтетүүтө гана багыттоону талап кылган. 1938-жылдын башында Нарын, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Чаткал. Кочкор ж. б. бир катар райондук бөлүмдөрдөн 100дөн ашуун милиция кызматкерлери камакка алынып аларга ойдон чыгарылган «контрреволюциячыл социал-туран» партияеына мүчө деген жалаа жабылган. Реепубликада Совет бийлигин кулатууну көздөшкөн деп айынталган жазыксыз милиционерлердин арасында жумушчу-дыйкан милициясынын башкармасьшын жетекчилери, бөлүмдөрдүн начальниктери, орто, кенже курамдагы начальниктер, катардагылар болгон. Сурак жана сот продесстери алдын ала түзулгөн схема боюнча жүргүзүлүп, жасабаган кылмыштарын мойнуна алдырышкан. 1938-жылдын ноябрында Балыкчы райондук милиция болүмүнүн ыкчам өкүлү Иса Байбосунов. Нарын р-ндук милиция бөлүмүнүн секретарь: Тариф Абдуллаев. Токмок шаардык милиция бөлүмүщн начальниги Бекжан Бердибеков, Каракол шаардык милиция болумунун начальниги Абдрахман Булатов, мурдагы милиция кызматкери Яков Павлович Зиновьевдер жазыксыз атылып кеткен. Ошол жылдары 40 минден ашуун жердештерибиз репрессиянын курмандыктары болгон. Кийин ошол сталиндик репрессиянын курмандыктарына багышталып, Бишкекке жакын турган Чон-Таш айлынын жанында Ата-Бейит көрүстөнүнө эстелик тургузулган. Ал жерде 1938-ж. атылып кеткен 137 кишинин сөөгү табылган. Алар дын арасында Ю. Абдрахманов, Т. Айтматов, К. Тыныстанов сыяктуу мамл. жана илим менен маданият ишмерлери болгон.
Элибиздин, анын ичинде милиция кызматкерлеринин башына да 1941-45-жылдардагы согуштун каардуу сыноосу туш келген. Согушка өздүк курамдын үчтөн бири аттанган. Кеп учурларда алардын ордун аялдар ээлешкен. МАИге, кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнө, тергөө иштерине М. Жанарова, Т. С. Булатова, А. Кудайбергенова, А. Алифанова, В. Фоменко, Н. Гончарова Н. Черкашина ж. б. аялдар келишип, кыйынчылыктарга карабастан болгон күч-кубатын, эмгегин ички иштер органдарына арнашкан. Улуу Ата Мекендик согушта ички иштер эл комиссарынын орун басары Ю. Черепанов, Түп РИИБдин начальниги К. Иманалиев ж. б. баатырларча курман болушкан. Фрунзе обл. ички иштер эл комиссарлар башкармалыгында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Ю. Осмонбеков согушта артиллериялык дивизионго жетекчилик кылып, оор жараат алган. Согуштагы эрдиги жана өзгөчөлөнгөндүгү үчүн ал Александр Невский орденине татыктуу болгон. Душман тарабынан убактылуу басылып алынган Украина менен Беларуссиянын аймагында В. Ушаков, Ө. Туралиев, П. Коновалов, Н. Кариенко сыяктуу кесиптеш-жердештерибиз партизандык кыймылда эрдик көрсөтүшүп салгылашышкан. Согуштан кийин Советтер Союзунун Баатырлары К. Үсөнбеков, И. С. Немцев, П. П. Сидоров, Р. Азимов ж. б. ардактуу эс алууга чыкканга чейин Кыргызстандын ички иштер органдарында жемиштүү эмгектенип келишкен.
Согуш мезгилинде кыргыз милициясынын кызматкерлери, биринчи кезекте бандитчиликке карты күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 236 бандиттик топторду колго түшүрүп, 1847 ок атуучу куралды тартып алышкан, миңдеген тонна уурдалган данды, көптөгөн малды чарбаларга кайтарган. Паспорт бөлүмчөлөрүнө, МАИ бөлумдөрүнө, балдарды кабыл алуучу жайларына жумуштун өтө оор жүгү туш келген. Алар адашкан 90 минден ашуун баланы ата-энелерине кайтарып, туугандарын издеген адамдардын 200 минден ашуун суроо-талаптарын канааттандырып, душман басып алган райондордон көчүрүлгөн көптөгөн адамдарга ишке орношууга жардам берген. Өздөрүнүн патриоттук милдетине бекем турушуп, милиция кызматкерлери коргоо фондуна 2 миллиондон ашуун акча тапшырган. Мындай иштери үчүн алар Жогорку Башкы командачынын алкышына татыктуу болушкан.
Согушта жана тылдагы өзгөчө эрдиктери үчүн 1945-ж. август айында милициянын 1400 кызматкери орден, медалдар менен сыйланган. Алардын арасында коштоочу-күзөт взводунун командири Г. Темирканов, ички иштер эл комиссариатынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги
A. Цейтлин, Фрунзе обл. ички иштер эл комиссариаты башкармалыгында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Е. Осетров, нарындык участкалык ыкчам өкүл А. Кадыров болгон.
1943-44-жылдары жергебиз тоталитардык режим шартында көчүрүлгөн он миндеген карачай, балкар, чечен ж. б. калктарды кабыл алган. Кочүрүлүп келгендерди жайгаштырууда, турак-жай, иш, тамак-аш менен камсыз кылууда, алар жашаган аймактарда коомдук тартипти сактоодо милиция көп иштерди аткарган.
Милиция органдарынын кызматкерлери дайыма эл менен тыгыз байланышта болуп, аларга дем берип турган. Ыктыярдуу отряддын ж. б. элдик кошуундун мүчөлөрү, штаттан тышкаркы кызматкерлер азыр да милицияга жакындан жардам берип, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, аны алдын алууда олуттуу салым кошушууда.
Кайсыл гана мамл. түзүлүштө болбосун кылмыштуулук коомго чон коркунуч келтиргендиктен, ага каршы күрөшүү мамлекеттин негизги милдетине кирет. Ички иштер эл комиссариаты тармагында эн биринчилерден болуп, кылмышкерлерди издөө бөлүмдөрү жана эксперттик-криминалистика кызматы уюшулган. Алар кылмыштуулуктун алдын алууда, колго түшүрүп кармоодо милициянын башка тармактары менен бирдикте аракеттенишкен. 90 жылдын ичинде Кыргызстанда Е. Осетров, Ю. Осмонбеков, А. Детыненко, С. Рыспаев, Ж. Шабиров, Г. Улисков, П. Воронцов, Б. Горященко, К. Албанов, Н. Тимонькин, С. Бурханов, Г. Конокбаев, Коробченко, П. Кокарев, К. Турсуматов, Я. Садретдинов, К. Жунушалиев, П. Коренченко, Г. Мостовой, Ф. Бочкарев, В. Таранов, А. Султанов, К. Токоев, Т. Чолушев, Крупков, Ю. Дешко, В. Искаков, Ш. Кулов, В. Антонов, К. Абитов ж. б. ондогон таланттуу өз ишинин чеберлери өсүп чыгышты жана бай тажрыйбаларын жаштарга өткөрүп беришти. Алар көптөгөн мал уурулардын, каракчылардын куралдуу топторун колго түшүргөн. Токмоктогу тегирменге (1932), Чангыр-Таш нефтепромунун кассасына (1948), Покровскийдеги банкка (1956), 490 088 сактык кассасына (1972), политех, ин-ттун кассирлерине (1981) каракчылык менен кол салууларды издеп кармоодо жогорудагы кесиптештерибиз өздөрүнүн профессионал талантын көрсөтүшкөн. Алардын күчү менен 1969-ж. ашынган киши өлтүргүч Селихов кармалган. Жыл сайын миндеген карактоолордун, тоноолордун, уурулардын бети ачылып. иштери тергөөгө өткөрүлгөн. Бул кылмыштарды ачууда оперативниктерге эксперттик-криминалистика кызматынын уюштуруучулары К. Шишкин. М. Мерхаликов, В. Бальжиков, И. Пизаилов, Б. Алексеев, В. Белых. Н. Бакалова чон жардам көрсөтүшкөн жана алар көптөгөн сабаттуу эксперттерди тарбиялап чыгарышты. Көчмө криминалисттик лабораторияларды түзүү, банги зат колдонгондорду аныктоо үчүн экспресс анализ жасоо, катылган банги заттарын табууга итти колдонуу ж. б. иш-чаралар кыргыз милициясына таандык.
1936-ж. Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссариаты тармагында МАИ кызматы түзүлүп, ага транспорттун жана жөө жүргөндөрдүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жүктөлгөн. Кийинчерээк Фрунзеде жол кыймылын жөнгө салуучулардын биринчи взводу түзүлөт.
Бул мезгилде Ош-Фрунзе-Нарын, Ош-Хорог автомагистралдары курулуп бүтүп калган. Аны ички иштер эл комиссариатынын шоссе жолдор башкармалыгы курган. МАИге эн маанилүү болгон бул жолдорду пайдалануу, транспорттун тех. абалына көзөмөл жүргүзүү тапшырылган. Республикалык МАИ бөлүмүнүн биринчи начальниги П. Желяцкий болгон. МАИ кызматынын калыптанышына жана бекемделишине Н. Войтенко, Е. Баранов, Ж. Бийназаров, К. Ермаков, А. Петров, Т. Мусабаев, В. Ермилов, Т. Мухутдинов, В. Боренштейн, В. Орлов, Т. Токоев, Н. Чодонов, А. Устинов, И. Сомик ж. б. жүздөгөн демилгелүү кызматкерлер оз салымдарын кошушкан. Алардын демилгеси менен 60-жылдары МАИ кызматынын туруктуу постторун куруу, авточарбаларда тех-кароо түйүндөрүн түзүү, мектептерде жол кыймылынын эрежелерин үйрөнүү, штаттан тышкары автотескөөчүлөр тармагын уюштуруу ишке ашкан. Кыргыз МАИ кызматынын бул жааттагы эмгеги эске алынып, Жаш инспекторлор кыймылы (ЮИД) топторунун бүткүл союздук слёту 1964-ж. Фрунзеде, 1970-ж. Ошто, о. эле 1983-ж. жергебизде милиция кызматкерлеринин автоспорт боюнча мелдеши өткөрүлгөн. 1938-ж. Ички иштер эл комиссариатынын өз алдынча соц. менчикти уурдоого жана алып сатарлыкка карты күрөшүү бөлүмү (ОБХСС) түзүлгөн. Бул кызматтар мурда кылмыш иликтөө бөлүмүнүн курамында болуп келген. Анын кызматкерлери республикабыздын экономикасын чыңдоодо көп иштерди жасашкан. К. Талканчинов, М. Фефель, Н. Волгин, Т. Яхьяров, П. Барбиев, К. Аширалиев, бир тууган Низамовдор, С. Байзаков, С. Жаманкулов, В. Зубов, Г. Батршин ж. б. бул тармакта жемиштүү эмгектенишкен.
Милиция органдарындагы алгачкы өз алдынча кызматтардын бири тергөө, транспорт боюнча милиция жана ведомстволук эмес күзөт бөлүмдөрү. Соцку 90 жылдын ичинде тергөө бөлүмдөрүнүн структурасы көп жолу өзгөртүлгөнү менен анын кызматкерлери кылмыш ишин тергөөдө мыйзамдуулукту сактап, өз принциптерин өзгөрткөн жок.
B. Терехов, У. Бекбаев, И. Божинский, В. Чикилиди, А. Аширов, К. Сапарбаев, А. Корчубеков, Б. Исмайлов, А. Султанов, Г. Мельничук, Ю. Савелов, Т. Акчурин, Л. Пархоменко, Т. Булатова, Д. Сатыбаев ж. б. тергөө тармагынын калыптанышына олуттуу салым кошушкан. Тергөө кызматынын ардагери Г. Ш. Курбангалиевге «Кыргыз ССРинин эмгек синирген юристи» деген ардактуу наам берилген.
Темир жолдогу, аба транспортундагы милициянын түзүлүшү жана калыптанышы А. Трошкин, Б. Беделдаев, И. Звягин, Н. Усманов, А. Арыков,
C. Кадыркулов жана башкалардын аттары менен тыгыз байланышкан. Ал эми күзөт кызматынын калыптанышына, анын сапатынын жакшырышына, материалдык базасынын чындалышына Э. Оролбаев, Е. Атаханов, В. Агафонов, К. Темиркулов сыяктуу жетекчилердин кошкон салымдары зор. Кыргызстанда 1963~64-жылдары биринчи жолу кайгуул-күзөт кызматын, МАИ, күзөт бөлүмдөрүнүн, участкалык тескөөчүлөрдүн нөөмөт бөлүктөрү аркылуу бирдиктүү башкаруу киргизилип, күчтөрдүн тийиштүү жерге өз убагында жетүүсүнө, көчө кызматына жетекчиликти жакшыртууга мыкты шарт түзгөн. Бул тажрыйба колдоого алынып, союздук республикалардын көбүнө жайылтылган. Биринчи жолу «Милициянын алдынкысы» деген ардактуу наамга кочкордук А. Күрөнкеев, кадамжайлык М. Мамажанов, дароот-коргондук К. Ашыралиев сыяктуу алдыңкы участкалык тескөөчүлөр татыктуу болушкан. Ал эми жалал-абаддык участкалык тескөөчү Т. Юлчибаев, нарындык участкалык тескөөчү А. Кадыров «Ардак Белгиси» орденине, милициянын старшиналары О. Дыйканбаев менен Т. Багышев Октябрь революциясы орденине татыктуу болушкан.
Оперативдүү кырдаалдын татаалдашына байланыштуу бир катар шаарларда, анын ичинде борбор шаарыбызда да, аскерге чакырылгандардан түзүлгөн моторлоштурулган атайын милициялык бөлүк уюштурулган. Бул ыкчам кыймылга ээ болгон бөлүктөрдүн командирлери А. Шамкеев, Э. Ыктыбаев ж. б. өз тарбиялануучулары менен бирге мурдагы СССРдин кооптуу жерлеринде: Алматы, Баку, Спитак, Ош ш-нда болушкан. Улуттар аралык чырчатакты басууда же табигаттын кырсыктарын жоюуда көрсөткөн кызматтары үчүн көптөгөн офицерлер жана катардагы милиция кызматкерлери ар кандай сыйлыктарга татыктуу болушкан. Ал эми А. Шамкеевге генерал-майор наамы берилип, Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин колбашчылык кызматына бекитилген. 1950-60-жылдары өлкөбүздүн бир катар райондорунда апийим өстүрүлгөндүктөн, республикабыздын милиция кызматкерлерине бацгиликке жана бангибизнеске каршы күрөшүүнүн өзгөчө милдети тагылган. Ал эми чүй кара куурайы 60 жыл бою Чүйдүн аркан, брезент чыгарган комбинаттары үчүн негизги сырье болуп келген. Мына ушуга байланыштуу гашиш, марихуана алуу үчүн туш тараптан «чабармандар» келе баштаган. Оболу бул жааттагы кылмыштарга каршы күрөшүү иштери соц. менчикти уурдоого жана алып сатарлыкка каршы күрөшүү аппаратына, кийинчерээк кылмышкерлерди иликтөө кызматына жүктөлгөн. Бул иштер боюнча атайын 1972-ж. Кыргыз ССР ИИМинин тармагында өз алдынча кызмат ачылган. Аны түрдүү мезгилдерде Т. Карбозов, Ф. Кулов, А. Лавров жана А. Зеличенколор жетектеген. Коомчулуктун талабы боюнча өлкөдө апийим өстүрүү токтотулганы менен бацгиликке, бангибизнеске каршы күрөшүү олуттуу маселе бойдон кала берген. Айрыкча СССР таркагандан кийин чек аралар бошондоп, тийиштүү денгээлде иштебегендиктен жана Тажикстандагы граждандык согушка байланыштуу бацгизат маселеси оордоп, ага каршы күрөшүү татаалданган. Афганстандан Тоолуу Бадахшан аркылуу жөнөтүлгөн бацгизат (апийим же героин) Кыргызстана өтүп, андан ары КМШнын башка аймактарына кылмыштуу жолдор менен жеткирүү болуп көрбөгөндөй күч алган. Ички иштер министрлиги бангизаттарын көзөмөлдөө боюнча Мамл. комиссия, Улуттук мамл. коопсуздук комитети, Коргоо министрлиги, Мамл. бажыкана менен биргеликте 199194-жылдардын ичинде Кыргызстанга апийимди ташып кирүүгө жол бербөө жана апийим өстүрүлгөн жашыруун жерлерди таап, жок кылуу боюнча бир кыйла иштерди аткарган. Тийиштүү жерлерге көзөмөл-текшерүү патрулдары, буктурмалар коюлуп, жыл сайын ар тараптуу «Апийим» операциясы өткөрүлүүдө. КР ИИМдин баңгибизнеске карты күрөшүү кызматы чындалууда. Бирок бангилик, бангибизнес маселеси дагы эле курч бойдон калып, бангилердин саны аракечтер сыяктуу эле өсүп, улуттун келечек муундарына залакасын келтирүүдө. Укук тартибин чындоо жана кылмыштуулукка карты күрөшүүнүн оор милдеттерин билимдүү, кесиптик жактан такшалган, өз ишине берилген кызматкерлер гана ишке ашыра алат. 1925-ж. Кыргыз автономия обл-нун ички иштер эл комиссариаты тармагында биринчи жолу окуу пункту ачылып, коп отпой ал 11 айлык мектепке айланган. Анын биринчи начальниги А. Мамин, окутуучулары А. Алтымышбаев, А. Хасанов, Г. Радвогин бол гон. Кыргызстандын ички иштер кызматкерлерин РСФСР, Украина жана Казакстандын окуу жайлары даярдай баштаган. 1969-ж. Фрунзеде СССР ИИМдин атайын орто мектеби ачылып, 2 жылдык окуу программасы менен офицерлерди даярдап чыгара баштаган. Андан тышкары Кыргыз ССР ИИМдин окуу борбору да милиция кызматкерлерин алгачкы даярдыктан, кайра даярдоодон, кесиптик чеберчилигин жогорулатуудан өткөрүп келет. 1981-ж. окуу борборунда ички иштер бөлүмдөрүнүн окуу бөлүктөрүнүн курсанттарын моралдык-психологиялык жактан даярдоонун тажрыйбасын окуп-үйрөнүү боюнча бүткүл союздук семинар өткөрүлгөн. Милиция кадрларын даярдоого Ж. Шабиров, Е. Усубалиев, А. Гольев, Э. Гамидов, Т. Жээналиев, П. Мельников, Н. Ниязов, 3. Кузнецова, 3. Зеличенко, В. Вавильченков, Ш. Дозоев, В. Высокое, В. Кигишьян ж. б. чоц салым кошушкан. СССРдин таркашына байланыштуу ИИМ тармагында кадрларды даярдоо, унаа, тех. каражаттар менен жабдуу, оперативдүү маалымат алмашуу боюнча олуттуу кыйынчылыктар пайда болгон. Көптөгөн адистердин сыртка көчүп кетүүсүнө байланыштуу кадрларды даярдоо маселеси курчуган. Ошондон улам Окуу борборунун базасында эксперт-криминалисттерди даярдоо курсу ачылып, аталган борбордун Ош филиалы уюшулган. Окутуунун сапаты жакшыртылган. ИИМ, ИИБдердеги аппараттык кыскартуулардын эсебинен төмөнкү звенолору адистер менен толукталып, чындалган.
1991-ж. милициянын атайын орто мектебинин базасында Кыргыз Республикасынын ИИМинин жогорку мектеби ачылган. Курсанттардын алгачкы тобу Түркия Полициялык Академиясынан окушту. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, кадрларды даярдоо боюнча Россия, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Түркия, Кытай ж. б. өлкөлөрдүн ИИМдери менен эки тараптуу келишимдер түзүлгөн. Кандайдыр бир деңгээлде КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин ортосунда түзүлгөн кылмыштуулукка, бангибизнеске каршы күрөшүү, маалымат алмашуу, бирдиктүү оперативдик маалымат борборун түзүү боюнча келишимдер ишке ашырыла баштаган.
1994-ж. 11-январда «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамынын » негизинде коррупцияга каршы күрөшүүдө «Укук тартибин чындоо жана укук тартибин бузууларга каршы күрөштү күчөтүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө» мыйзам ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укук-милдеттерин тактап, укуктук абалын бекемдеген. Жогоруда аталган мыйзамдардын негизинде ички иштер органдарынын кызматкерлерине кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жаны ыкмаларды колдонуп, улуттук коопсуздук, салык, бажыкана кызматтары менен бирдикте коомчулукка таянуу менен банк, менчиктештирүү, ишкердик жааттарында жана мафиоздук топторго каршы дагы да чечкиндүүлүк менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бул багытта жерг. акимчиликтердин алдына да чон милдеттер коюлуп, ал ар укук тартибин чыцдоого коомчулукту тартуу, милицияга материалдык-тех. жактан жардам берүү ж. б. милдеттери жүктөлгөн. КР ИИМдин коллегиясына (А. Суталинов, Бубель, Ж. Шаршенбаев, М. Коңкошев, К. Чолушев, И. Санжиров, К. Кубатбеков) кылмыштуулукка каршы багытталган Президенттин Жарлыктарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети тагылган. Негизги көңүл уюшкан кылмыштуу топтордун, мафиоздук түзүлүштөрдүн бетин ачууга, мамл., коомдук каражаттарды коммерциялык түзүлүштөргө которуп жиберүүгө жол бербөөгө бурулган. Калктуу конуштарда элди оперативдүү иштерге тартуу максатында «Издөө» ыкмасы ишке киргизилип, «Бүркүт» мобилдүү ыкчам тобу уюшулган, участкалык тескөөчүлөрдүн, кайгуул-күзөткызматынын иши жанданган. Бишкек шаардык ж-а облустук ИИБдердин уюштуруу-көзөмөлдөө иштери жакшыра баштаган.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери өлкөдө бекем коопсуздукту, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча жетекчиликтин бардык тапшырмаларын так аткарууга, оперативдүүкызматтык ишмердүүлүгүн жакшыртууга бүт күчаракетин жумшайт. Биз ички иштер органдарында көп жылдар бою эмгектенип, бизге өздөрүнүн күжүрмөн эмгеги жана баатырдыгы менен үлгү керсөткөн ардагерлерибиздин, баатырларыбыздын ысымдарын түбөлүккө сактайбыз! Алар Аркадий Арунов, Калыйнур Үсөнбеков, Сагын Наматбаев ж. б. ардагерлер.
Афгандык исламчылардын согушчан бандасынын 1999-ж. августта капысынан Баткен аймагына басып кириши КР ИИМ системасын реформалоого түрткү болгон. Баткен аймагына эл аралык террористтердин уюшкан бандалары капысынан басып киргенде генерал-майор Бакаев Аширбек башында турган КР ИИМдин Ички аскерлеринин жоокерлери биринчи болуп алардын соккусун кабыл алган. Ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин оз учурундагы оперативдик маалыматтарга таянып, биргелешип жасаган аракеттеринен согушчан банданын мизи кайтарылып, түн.-батыш жана түш.-чыгыш тараптан басып кирүүсүнө жол берилбей, аларды Өзбекстан аймагында талкалаган. Капыстан басып кирген уюшкан бандаларга каршы күрөштө баатырдык менен эрдик көрсөтүп, аскердик мидетин үлгүлүү аткарган 6 аскер кызматкери «Эрдик» медалы менен сыйланган (сержант Юнусов Рашид өлгөндөн кийин), о. эле бригаданын 5 жоокери КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасына татыктуу болгон. Мындан тышкары КРдин ички иштер министри тарабынан 30 аскер кызматкери, аскер командачысынан 148 жана бригада командиринен 427 жоокер ар түрдүү сыйлыкка ээ болушкан. 2000-ж. августтун башында Респ. күч структураларына Кыргызстандын Баткен обл. аркылуу исламчылардын уюшкан согушчан бандасы кайрадан басып кирүүсү мүмкүн деген чалгындоо маалыматтары түшө баштаган. У шуга байланыштуу Ички аскерлер командачылыгы алдын-ала даярдык көрүп, Баткен облнда жайгашкан ички аскер бөлүктөрүн толук күжүрмөн даярдыкка келтирип, коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарган. Уюшкан согушчан банданы жок кылууда көрсөткөн баатырдык-эрдиктери, өз милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн бир катар кызматкерлер өкмөттүк сыйлыктарга таыктуу болгон. Жогоруда баяндалган окуялар ички иштер органдарынын жетишкендиктерин гана ачып көрсөтүү эмес, өлкөдө жүрүп жаткан демократиялык процесстерге ылайык башталган кайра курууну ишке ашырууга байланыштуу КРдин ички иштер органдарында пайда болгон проблемаларды реформа жүргүзүү аркылуу чечүү зарылдыгын далилдеген. Ички иштер органдарын реформалоонун биринчи этабында терен функционалдуу анализдин негизинде КР ИИМ системасын штаттыкструктуралык жактан кайра куруу жана уюштуруу боюнча иштелип чыккан иш-чаралар кабыл алынган. Бул кайра куруулар жаңы коомдук-саясий жана социалдык-экон. шартка ылайык жарандык коомдун демократиялык принциптерин чындоо, ошону менен катар өлкөнүн өнүгүү коопсуздугун камсыздоо жана реалдуу коркунучтар, анын ичинде терроризм, диний экстремизм, курал-жаракты жана бангизаттарын мыйзамсыз таркатуу эске алынган.
Бул, баарыдан мурда: жарандык коомдогу демократиялык принциптерди жана мамлекет менен коомдун коопсуздугуна доо келтире турган реалдуу коркунучтарды эске алуу менен ИИМ системасын структуралык-функционалдык кайра куруу; биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп келсе, эми адам менен жарандын кызыкчылыгын, анын укугу менен эркиндигин, менчиги менен мүлкүн коргоого өтүү; ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин профессионалдык жана укуктук маданиятын жогорулатуу, алардын тех. мүмкүнчүлүктөрүн чындоо; коомчулук менен социалдык өнөктөштүк ишенич мамиле түзүү; милициянын ишиндеги отчёттуулукту, ачык-айкындыкты кеңейтүү; ички иштер органдарынын укуктук-нормативдик базасын жакшыртуу; ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине берилчү социалдык гарантияларды турукташтыруу; КР Өкмөтүнүн токтрмуна ылайык 1999-жылдан ушул мезгилге чейин жүргүзүлгөн адм. реформанын натыйжасында ИИМдин штаты 50% кыскарган. 2002-03-ж. ИИМдин борб. аппаратында жана анын ведомстволоруна караштуу айрым бөлүктөрүндө структуралык реформалоо иштери жүзөгө ашырылып, штаттык саны кыскартылган. Мунун максаты негизги багыттардагы башкаруу иштерин топтоштуруунун эсебинен оперативдик кызматтардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ар түрдүү кызматтардын ортосундагы функдияларды чектөө бол гон. Ушул максатта КР Президентинин 2005-ж. 18-марттагы № 76 Жобосу менен бекитилген концепция иштелип чыгып, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, Коомдук түзүлүштөр менен байланыш түзүү боюнча башкармалыгы, Финансычарба башкармалыгы, Карантин кызматы ж. б. реформаланган. 2002-03-ж. ИИМдин айрым функцияларынын башка ведомстволорго өтүшүнө байланыштуу төмөндөгүдөй структуралык өзгөрүүлөр болгон: ИИМдин Жаза аткаруу башкы башкармалыгы КР Адилет (Юстиция) министрлигине, Мамл. өрт өчүрүү кызмат башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигине; Карантин кызматы Айыл чарба министрлигине откорүлгөн. ИИМдин ички аскерлери КРдин Башкы штабына (Генералдык штабына) өткөн. КР Өкмөтүнүн 2003-ж. 16-сентябрдагы «Кыргыз Республикасынын Бангизаттарды контролдоо агенттигинин штаттык саны жөнүндө» токтомунун негизинде респ-дагы ички иштер бөлүмдөрүнүн штаттык санына кошумча кыскартуу жүргүзүлүп, азыркы учурда ал Бангизаттарды контролдоо боюнча агенттик; КРдин 2003-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жобосун ишке ашыруу ж-до КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында экон. кылмыштуулук жана коррупция менен күрөштү жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндо» токтомунун талаптарына ылайык 2003-ж. 22июлда КР ИИМдин Экон. кылмыштуулук жана коррупциям каршы күрөшүү башкы башкармалыгы Кызматтык кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгы болуп кайра түзүлүп, кийин Финансы полициясы болуп уюшулган. Уюшкан кылмыштуулукка жана диний экстремизмге каршы күрөнгүү боюнча түш. аймактык башкармалыгы жоюлуп, ошол эле учурда КР ИИМдин Кызматтык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын курамында Экон. ишкердик чөйрөсүндө уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түш. аймактык башкармалыгы түзүлгөн; КР Өкмөтүнүн 2004-ж. 20-июлдагы токтомуна ылайык КР ИИМдин Коргоо башкармалыгы КР ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын мамл. департаменти болуп түзүлгөн; ички иштер бөлүмдерүнүн паспорт-виза кызматы Мамл. каттоо кызматына өткөрүлгөн; КР ИИМдин Транспорт боюнча ички иштер башкармалыгы жоюлуп, ордуна КР ИИМдин Темир жол жана аба транспортундагы ички иштер бөлүмү түзүлгөн; КР ИИМдин Кылмыш иликтоо башкы башкармалыгы (КИББ) кайра түзүлгөндүгүнөн улам Инсанга каршы кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгы жоюлган; Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалык КИББдин структурасында калтырылып, анын курамында жаңы «Буюртма киши өлтүрүүнү» ачуу боюнча бөлүм түзүлгөн; Менчикке каршы кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын курамында Мүлктүк кылмыштуулук жана мал уурдоочулук менен күрөшүү боюнча бөлүм түзүлгөн; КР Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын башкаруу структураларын келечекте жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин 2004-ж. 10-апрелдеги Жобосуна ылайык КРдин ички иштер министринин 2 орун басарынын орду кыскартылган. Жогоруда көрсөтүлгөн чаралар негизинен ИИМдин жетекчилигинин кылмыштуулук менен күрөшүүдө башкаруу ишинин натыйжалуулугун көтөрүү, о. эле ИИМдин чыгымдарын азайтууга багытталган.
Ички иштер бөлүмдөрүнүн системасын реформалоо төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылган: КР Президентинин 1991-ж. 19-июлдагы № 262 Жобосу менен СССР ИИМдин Бишкектеги атайын орто мектебинин базасында КР ИИМдин Бишкек жогорку мектеби түзүлүп, анын биринчи начальниги, ички кызматтын полковниги Асаналиев Тилек болгон. Окуу системасын иштеп чыгуу ж-а ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин мекеменин статусуна жараша даярдоо зарылдыгы келип чыккан. КР Президентинин 2000-ж. 15-январдагы Жобосуна ылайык КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин базасында түзүлгөн ИИМдин Академиясына өзгөчө маанидеги жетектөөчү мекеменин ролу берилип, милициянын алгачкы генерал-майору Э. Алиевдин ысмы ыйгарылган. КРдин Өкмөтүнүн 2000-ж. 4-октябрдагы № 14 токтому менен КР ИИМдин Кадр даярдоо борборунун базасында КР ИИМдин атайын орто мектеби уюшулуп, ал 2005-ж. кайра жоюлган, ордуна КР ИИМдин Кадр даярдоо борбору уюшулган. 2008-ж. 19-июнда КРдин Президентинин № 24 Жобосу боюнча КР ИИМдин атайын орто мектеби кайрадан уюшулуп, 2013-ж. 1-октябрда КР Өкмөтүнүн № 39 токтому менен кайрадан жоюлуп, ордуна КР ИИМдин Кадр даярдоо борбору түзүлгөн. Ички иштер бөлүмдөрүнүн укуктук базасын жакшыртуу үчүн учурдагы мыйзам, жобо, көрсөтмө, буйруктарды укук коргоо чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан уюштуруу иштерине ылайыктап, укук коргоо чойросүнүн негизги демократиялык институту болгон ички иштер бөлүмдөрүн өнүктүрүү, о. эле жарандардын жана алардын укуктарын коргоо талабы коюлган. Ички иштер органдарын эл аралык адам укуктарынын стандартына ылайык жогорку квалификациялуу юристтерди даярдоону талап кылат. Өздүк курамды ачык-айкын жол менен комплектов ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин профессионалдык чеберчилигин жогорулатууга, б. а. оз денгээлин көтөрүү үчүн дайыма аракеттенүүгө түрткү берет. Ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин социалдык жактан коргоонун ишенимдүү системасын түзүү реформанын ийгиликтүү ишке ашырылышынын эн маанилүү шарты болуп саналат. Мына ушуга байланыштуу КР Өкмөтү ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө, эмгек шартын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүнө анализ жүргүзүп, о. эле алардын укугу тийиштүү денгээлде корголушу үчүн социалдык жана укуктук гарантияны институтташтырат. Кыргызстанда калыптанып келаткан жарандык коом институтунун мониторингин түзүү; массалык-маалымат каражаттары ж-а көрсөтмө үгүт каражаттары аркылуу калкты оперативдик маалыматтар менен кабардар болуусун кеңейтүү; камсыздоо кызматтарын (материалдыктех., финансылык, медициналык ж. б. кызматтар) чыңдап, өнүктүрүү; жол-кайгуул кызматтарын кайра түзүүдө өзгөчө кызматкерлердин коомдук тартипти ж-а коопсуздукту сактоону камсыз кылгыдай профессионалдык чеберчилигин жогорулатууга көнүл буруп, алардын ишмердүүлүгүн эл аралык стандартка жеткирүү; жол-кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүнөн жолдун белгилүү участкаёында болгон жол кырсыктары ж. б. окуялар ж-до жеке жоопкерчилигин талап кылуу. Мында КРдин юриспруденция тармагындагы илимий ж-а тех. өнүгүүнү эске алуу менен КР Ички иштер министрлигинин ил.-из. институтундагы ил.-из. борборун ил.-практикалык изилдоолорге ылайык кайра уюштуруу зарылдыгы турат.
Азыркы рынок экономикасынын шартында кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү практикалык милдеттерди чечүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында КР ИИМдин жана анын эл аралык иштер боюнча иш алпарган бөлүктөрүнүн катышуусу менен макулдашылган рекомендациялар ж-а бирдиктүү иш-чараларын иштеп чыгуу жана бүтүндөй ички иштер бөлүмдөрүнүн оперативдик иштеринин натыйжалуулугун көтөрүү пландаштырылууда.
2014-ж. кылмыштын бетин ачуу боюнча көрсөткүчтөрү өсүп, келтирилген зыяндын орду толо баштаган. Ошондой болсо да республикада ар бир кайрылууда. Кыргыз милициясынын ар бир муунунун алдында өзгөчөлөнгөн милдеттердин тургандыгына карабастан, алардын элге чын дилден, ак ниеттик менен берилип кызмат кылуусу, кандай гана кырдаалда болбосун адамдарга дайыма жардамга келээри өзгөрбөстөн кала берди...
КР ИИМдин Данк Мемориалында түрдүү мезгилдерде кызмат учурунда курман болгон 144 кызматкердин аты-жөнү жазылган. Алар коркпостон, кылчактабастан, акыр аягына чейин өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарышкан. Турдалы Майтукинов, Валентин Горбачёв, Сайпил Жаналиев, Шарил Рамазанов, Константин Петров ж. б-дын 10 миң кишиге алып Караганда даты эле кылмыштуулуктун деңгээли жогору, көптөгөн кылмыштар ачылбастан кала берүүдө. Буга мыкты уюшкан, кесиптик денгээли жогору, мыйзамды, ички тартипти сактай билген, маданияттуу, жалпы элдин колдоосуна ээ болгон милиция гана каршы тура алат.
Кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракесинин алдында республиканын бардык шаарлары жана райондору аркылуу эскерүү жүрүшү өткөрүлүп, кызмат учурунда курман болгондордун мүрзөлөрү, ал кызматкерлердин аттары ыйгарылган көчөлөр тазаланып, иретке келтирилди. Ардагерлерге, күжүрмөн постто курман болгондордун үйбүлөлөрүнө материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Жүрүш болуп өткөн жерлерде жыйындар өткөрүлүп, анын катышуучулары милициянын укук тартибин чыңдоодогу, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү аракетин колдоорун билдиришти. КР ИИМдин ардагерлеринин милициянын 90 жылдыгынын урматына карата жаш кызматкерлерге арнап жиберген «Кайрылуусу» толугу менен колдоого ээ болду.
«Тоолуу аймагыбыздын милициясы 90 жылдан бери туруктуулук жана сактык менен укук тартибин чыңдап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, мамлекетибизди чындап келишти деп жазылган ысымдары көчөлөргө, мектептерге берилип, элде жакшынакай элес калды. Алар башкалардын өмүрүн сактоо үчүн шейит кетишти.
Силер өзүнөрдүн ак ниеттүү, талыкпаган эмгегинер менен курман болгондордун арбагына урмат көрсөтүүгө тийишсинер... Милицияда иштөө дайыма оор болуп, айлыгы да чектелүү болгон. Бирок, кырсыкка бизден башка эч ким каршы чыкпасына, мамлекетти кылмыштуу кол салуулардан биз гана сактай алаарыбызга ишенебиз. Мына ушуга бекем ишенүү бизге күч-кубат берип келди. Мына ушул ыйык ишенимди биз милициянын бүгүнкү муундарына өткөрүп бергибиз келет... Бизден милициялык жүрүштү кабыл алып жаткан уулдарыбыз жана неберелерибиз, силерге элге зарыл болгон кесибинерди сүйгүлө, кесиптик чеберчилигиңерди өнүктүрүп, билимиңерди, күжүрмөн даярдыгыңарды жогорулаткыла, көп иштегендердин, ардагерлердин тажрыйбаларын үйрөнгүлө, укук тартибин бузуучуларга келишкис болгула, кылмыштардын ачылышын көбөйткүлө, күндөлүк аткарган ишиңерде жогору маданияттуулукту көрсөтө билгиле. Мыйзамды бекем сактап, саясий партиялардын азгырыгынан алые болгула, кызматта укук тартибин бекемдөөгө, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ички иштер органдары жөнүндөгү Мыйзамды, Президентибиздин Жарлыктарын, Өкмөттүн токтомдорун жетекчиликке алгыла! деп кайрылабыз.
Силерге кызыктуу мезгилде эгемендүү мамлекетибиздин, демократиялуу Кыргыз Республикасынын калыптануу учурунда иштөө бактысы туш келип отурат. Текеберчиликти, маданиятсыздыкты, адамдарды сыйлабастыкты жоготкула! Биз, ардагерлер, силерге дайыма колдоо көрсөтүүгө, жардам берүүгө даярбыз. Милициянын күчү алдынкы муундардын өрнөгүн улантып, алдыдагы татаал жана оор маселелерди чечип келет.

Жоламанов И. Ж. (1927-28), Лаубе А. С. (1928-29), Мурзакеев Б. М. (1929-32), Жуков И. Е. (1933-36), Четвератков В. Н. (1936-38), Лоиманов И.П. (1938-39), Абушенко С. Д. (1939-41), Павлов С. Н. (1941-43), Пчелкин А. А. (1943-46), Гусаров С. И. (1946-48), Трубников В. С. (1948-50), Москов Н. А. (1950-53, 1955-60), Терещенко А. В. (1954-55), Исаев М. И. (1960-61), Ушаков В. С. (1961-68), Сморыго В. А. (1968-74), Габидулин А. К. (1974-82), Акматов Ж. А. (1982-87), Гончаров В. В. (1987-91), Кулов Ф. Ш. (1991-92), Суталинов А. А. (1992-95), Молдошев М. М. (1995-96), Кутуев О. А. (1996-01), Айтбаев Т. С. (2001-02), Акматалиев Т. (2002), Субанбеков Б. Ж. (2002-05), Дуйшебаев К. А. (2005), Абдылдаев М. Ю. (2005), Суталинов М. А. (2005-06), Гуронов О. Н. (2006), Суваналиев Ө. (2006), Ногойбаев Б. (2007), Конгантиев М. (2008-09), Болот Шер (2010), Байболов К. (2010), Рысалиев 3. К. (2011), Атаханов Ш. (2013), Суранчиев А. Ш. (2013), Турганбаев М.(2014), Джунушалиев К.А. (2016), 2016-жылдан Исраилов У.

Биз менен байланыш

Дареги; 720040, Бишкек ш., Фрунзе көч. 469

Милиция: 102

ИИМдин ишеним телефону: +996 312 26 60 27

ИИМдин кабылдамасы: +996 312 66 24 50

ИИМдин Басма-сөз кызматы:

+ 996 312 26 62 90 (тел/факс), +996 312 26 62 54